Сыра

Википедия дан
Пиво‎»‎ барагынан багытталды)

Сыра — кермек даамдуу, алкоголу аз, аромат жыттуу, көбүктүү суусун. Ал арпа угуту, кулмак жанa суу аралаштырылган ширеге спирт кошуп ачытуу жолу менен даярдалат.

Сыранын айрым сорту үчүн арпа угутунун ордуна күрүч, жүгөрү, арпа уну же ше­кер алынат. Сыра — сергитүүчү, чаңкаганды кандыруучу суусун. Сырада сортуна жараша 4—10% бат сиңимдүү зат, негизинен углевод, азыраак амин кислота, белок жанa минерал заттар бо­лот. Мындан тышкары 1,8—6% спирт, 0,3—0,4% көмүр кычкыл газы, орг. кислота, ачуу жанa кермек даам, о. эле түс беруучу заттар бар. Сыра жасап чыгаруу технологиясы негизинен төмөнкү процесстерден турат: арпадан угут өндүрүү; сыра ширесин алуу жанa аны сыра ачыткысы менен ачытуу; ачытууну жетилтуу; чыпкалоо жана идишке куюу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.