Пигмейлер

Википедия дан
Пигмейлер
Учурда жайгашкан ареалы жана саны

Бардыгы: 280 000 [1]
Габон, Камерун, Борбордук Африка Республикасы, Конго, Конго Демократиялык Республикасы, Руанда, Бурунди, Танзания

Тили

Банту тилдери, Убангий тилдери

Пигмейлер (гр. pygmaios — муштумдай) — Африканын тропик токойлорунда жашаган кодоо адамдар (эргежээлдер).

Алар жөнүндө б. з. ч. З-миң жылдыктагы жазууларда, байыркы грек даректеринде эскерилет. Пигмейлер Га­бон, Камерун, ТАР, Заир, Руанданын токойлорунда негр расасындагы элдер жана уруулар менен кошо жашайт. Пигмейлердин бою пас (бойлуу эркектериники 144—150 см), чачы тармал, эрини жука, Кызыл жуздуу келип, дене тузулушу боюнча өзгөчө расаны түзөт. Жалпы саны болжол менен 40—200 миңче. Аңчылык, жер жемиш чогултуу менен кесип кылат. Жерг. элдердин (эфе, асуа ж. б.) тилинде сүйлөшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [Пигмеи // Большой Энциклопедический словарь. — 2000]