Райымкулова Искра

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Райымкулова, Искра
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Райымкулова, Искра
Туулган жылы: 1937-жыл
Туулган жери: азыркы Шабдан айылы, Кемин району, Фрунзе облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1957-жылдан баштап азыркы кезге чейин
Театр: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры

Райымкулова, Искра театр жана кино артисти.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз театрынын Жеңишбеги[оңдоо | булагын оңдоо]

Искра Райымкулова кыргыз театрыны тарыхына “Атанын тагдыры” спектаклинде Жеңишбектин образын жаратып жарк этип кирди. “Атанын тагдырын” эки артисттсиз – Акылбек Муратбек Рыскуловсуз жана Жеңишбек-И.Райымкуловасыз элестетүү дегеле мүмкүн эмес.
Адегенде театрга травести (балдардын ролун ойногон артист) катары кызмытка алынган Искра чыгармачылык таржымалынын ичинде, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун балдардын образын жараткан экен. Бирок, ошонун ичинен өзгөчө анын Жеңишбеги легендарлуу образга айланган.
Дегеле, кыргыз театрынын 20-кылымдагы жалпы тарыхында Искранын Жеңишбегиндей бийиктикке көтөрүлгөн бир дагы образ жок болсо керек.
Кыргыз театрынын травестилеринин ичинен И.Райымкулова гана балдардын тарыхка кире тургандай образдарын чоң чыгармачылык эргүү менен жараткан.
И.Райымкуловага чейин Кыргыз драма театрынын сахнасында Сабира Күмүшалиева травести болгон экен. И.Райымкулованын учурунда жана андан кийин Ш.Абылаева, С.Жунушалиева, К.Муратова ж.б. травести катары балдардын ролдорун ойноп көрүшкөн, бирок Искрага чейинки да, андан кийинки да бир дагы бирөө ал көтөрүлгөн бийиктикке көтөрүлө албаганын моюнга алып коюшубуз керек.
Искранын чыгармачылык өмүрү жалаң гана балдардын ролун ойноо менен чектелген эмес. Анын жеке репертуарынан көрүнүп тургандай, ал чоңдордун да ондогон образдарын ийгиликтүү жараткан.
Айрыкча, Корделия (“Король Лир”), Кэй (“Уурдалган өмүр”), Жульетта (“Ромео менен Жульетта”) сыңары образдары да кыргыз театрын тарыхынан ордун таба турган чыгармачылык эмгектер болуп саналышат.
Бир мисалды келтире кетели.

« ..."1971-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында У.Шекспирдин “Ромео менен Жульетта” трагедиясы коюлган. Анда Жульеттанын ролу кыргыз чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаева менен Искра Райымкуловага ыйгарылган.

Кайсы бир жолу “Ромео менен Жульетта”сахнада жүрүп жаткан учурда капысынан Т.Турсунбаева ооруп калып, тез жардам алып кетти. Зал толтура көрүүчү. Эми эмне болоор экен деп баарыбыз тынчсызданып жаттык. Оюндун режиссеру Б.Ибраев көрүүчүлөрдүн алдына чыгып, спектакль жарым сааттан кийин улантылаарын, Жульеттанын ролун башка актриса келип ойноорун эскерткенде, көрүүчүлөр залындагылардын көпчүлүгү кадимкидей нааразы болушту.
Жарым сааттан кийин спектакль башталды. Жульеттаны Искра ойной баштады. Ошол кечтеги Искраны таанууга мүмкүн эмес эле. Бул жолку анын Жульеттасы баштагы ойногондоруна окшобогон, чүпүрөктөй болуп үлбүрөгөн, өзгөчө бир эргүүгө жык толгон образ эле. Анын ар бир сөзүнөн, кыймыл-аракетинен, көз карашынан айтып түгөткүс назиктик, ички дүйнөсүнүн ажайып сулуулугу, лирикалык эргүүсү сезилет. Башка актриса келет десе ирээнжип олтурган көрүүчүлөр Искранын оюунуна бара-бара арбалып, акыр-аягында, спектаклдин финалында болуп көрбөгөндөй овация уюштурушуп, бир нече мүнөткө ыраазы боло тыным сыз кол чаап турушканы, күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мындай керемет учурларды театрдын сахнасынан дайыма эле көрө бербейсиң” дейт, драматург, театр сынчысы жана режиссер Жаныш Кулмамбетов.

»

Ички дүйнөсүнүн назиктиги, баелугу айрыкча көрүнгөн, Жульеттадан кем калбаган образдардын бири Искра жараткан “Бернарда Альбанын үйүндөгү” Амелиянын образы.
Мына ушул сыяктуу чоң чыгармачылык эргүүдөн жаралган образдарды Искра Райымкулованын чыгармачылык таржымалынан арбын учуратууга блот.
Албетте, муну менен актрисанын чыгармачылык потенциалы толук бойдон пайдаланылды деп айтуу да өтө кыйын. Анын травести экени жат болуп, штапмка айланып калгандар үчүн, биринчи кезекте ал ойной турган ролдор балдардын ролдору болуп туюлган да, Жульеттадай, Амелиядай образдар анын шыбагысына өтө аз тийген. Мына ушунусу өкүнүчтүү.
Бирок, Жеңишбектин легендарлуу образы менен эле Искра өзүнө түбөлүк эстелик тургуза алды. Анын чыгармачылык бактысы ушунда.

Театрдагы негизги ролдору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Аня (К.Маликов, “Бийик жерде”)
  • Жеңишбек (Б.Жакиев, “Атанын тагдыры”)
  • Маша (С.Алешин, “Палата”)
  • Корделия (У.Шекспир, “ Король Лир”)
  • Төрөкан (А.Токомбаев, “Өлбөстүн үрөнү”)
  • Алиман (Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”)
  • Алтынай (Ч.Айтматов, “Менин биринчи мугалимим”)
  • Мунарбек (Ж.Садыков, “Табышкандар”)
  • Азимгүл (Т.Абдумомунов, “Каркыралар кайтканда”)
  • Витя (Б.Өмүралиев, “Унутулгус күндөр”)
  • Бала (У.Шекспир, “Азоого чалма”)
  • Хунг (Т.Абдумомунов, “Таалай гүлдестеси”)
  • Кэй (М.Каору, “Уурдалган өмүр”)
  • Жульетта (У.Шекспир, “ Ромео менен Жульетта”)
  • Амелия (Гарсиа Лорка, “Бернарда Альбанын үйү”)
  • Врач (Т.Абдумомунов, “Кадырлаштар”)
  • Мас аял (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)
  • Люсей (В. Дельмар, “Эртеңкиге ордуңду бошот”)
  • Халида (А.Абдуллин, “Он үчүнчү башкарма”)
  • Башорат (Саид Ахмад, “Келиндер козголоңу”)
  • Сыпайы кемпир (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)
  • Эмчи кемпир (Ж.Садыков, “Сейтек”(“Элим, ай”)
  • Бурма (С.Алтымышев, “Таң булбулу”) ж.б.

Тартылган кинолору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Алымкан»
  • «Каныбек»
  • «Он үчүнчү небере» ж.б.

Наамдары жана сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти .
Кыргыз Республикасынын эл артисти .

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Чүй облусу. Энциклопедия. Бишкек, 1994-жыл.
  • ”Манас” энциклопедиясы. Бишкек, 1995-жыл.
  • Ж.Кулмамбетов, “Театр дүйнөсүндө”, Фрунзе, “Кыргызстан”, 1987.

Интернет шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]