Саванна зоналары
Саванна зоналары, саванна жана сейрек токой зоналары - Жер шарынын субэкватор жана тропик алкактарындагы табигый аймак.
Субэкватор алкагында саванна өсүмдүктөрү, тропик алкагында ксерофит сейрек токою басымдуу. Саванна зоналары Түндүк жарым пгарда дайыма жашыл субэкватор токой зоналарынын түндүгүндө, Түнд. жарым шарда алардын түштүгүндө жайгашкан. Климатында жаанчыл жана кургакчыл мезгилдер кескин айырмаланат. Экватордон түндүкке жана түштүккө карай жылдык жаан-чачын 2000 лмден 250 ммге чейин азаят, кургакчыл мезгил 3 айдан 10 айга чейин созулат, эң жылуу айдын температурасы 26-28°Сден 24-25°Сге чейин, эң суук айдыкы 20-26°Сден 12°Сге чейин төмөндөйт.
Кургакчыл жана жаанчыл мезгилдердин кезектешип, алмашып турушу Саванна зоналарындагы табигый компоненттердин сезон боюнча өзгөрүщүнө шарт түзөт. Дарыяларынын суусу кургакчыл мезгилде (кышында) өтө азайып, жаанчыл мезгилде (жайында) 15-20 эсе көбөйөт. Кызыл жана Кызыл күрөң топурак басымдуу. Кургакчыл мезгилде дарак менен бадалдардын жалбырагы күбүлүп, чөптөр куурайт. Жаныбарларга, айрыкча туяктууларга (пил, жираф, керик, бегемот ж. б.) бай.
Саванна зоналары дүйнөнүн Европа жана Антарктидадан башка бөлүктөрүндө кездешет. Африканын аянтынын 40%ын ээлейт. Дан жана түймөк сабактуу өсүмдүктөр, пахта, жут, арахис, бал камыш ж. б. өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.