Сайрагүл Балкыбекова

Википедия дан

Балкыбекова Сайрагүл (1922, Нарын району, Эчки-Башы айылы — 1995, Бишкек) — Кыргыз Республикасынын эл артисти (1970, эмгек сиңирген артисти, 1958).
Айылдык мектептин 7-классын бүткөндөн кийин эле анын тубаса таланты байкалып, 1939-ж. Нарын облустук драма театрына кабыл алынган.
1946—48-ж. Кыргыз драма театрында, 1949—52-ж. Караколдогу Ысык-Көл облустук драма театрында, 1952-жылдан (Кыргыз мамлекеттик драма театрьшда иштеген.
Аткарган ролдору: Айганыш (К. Жантөшев, "Курманбек"), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, "Жаңыл"), Жыпаргүл (Т. Абдумомунов, "Атабектин кызы"), Анна (Л. Толстой, "Анна Каренина"), Регена (У. Шеспир, "Король Лир"), Жер-Эне (Ч. Айтматов, "Саманчы жолу"), Кручинина (А. Н. Островский, "Күнөөсүз күнөөлүүлөр"), Бакдоолот, Каныкей (Ж. Садыков, "Манастын уулу Семетей", "Сейтек"), Бурма (Т. Касымбеков, "Токтогул"), Бермет (К. Эшмамбетов, "Сарынжи Бөкөй"), Чүкөдөй (Т. Абдумомунов, "Жыгылган оогонго күлөт"), Зуура (Б. Жакиев, "Атанын тагдыры") жана башка.
Балкыбекова жергиликтүү авторлордон тартып дүйнөлүк классиктердин чыгармаларына чейин, ар кыл жанрда, ар кыл мүнөздөгү образдарды көрүүчүлөргө нукура таланты, жан дүйнөсүнүн сезимталдыгы, кеңдиги менен жеткире билген сахнанын нукура устаты болгон. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.