Сарт аке, Доскулу уулу

Википедия дан

Сарт Аке Доскулу уулу1775-1865) — Кыргыз элинин акылмандарынын бири. Ал 1775-1780-жылдарда туулган. Мойт Акеден 30 жаштай кичүү болгон. Азыркы Нарын шаарынын аэропорту тарапта жарык дүйнөгө келген деген маалыматтар бар. Өмүру Ысык-Көлдүн чыгышында өткөн. Жайлоосу Каркыра болгон. Сарт Акенин сөөгү коюлган жер мазарга айланган. Сарт Аке өзүнө сөз сүйлөбөгөн адамдын шагын сындырып, илебин кайтарбаган, атайы өтүнүч, суроо талап болгондо гана кепке аралашкан. Эгер сүйлөбөсө, сздүн көзүн таап, адамдын жумурундагыны билип, уютуп, жибитип, ары курч, ары таамай айтчу экен. Шарты болгон жагдайларда маектешип отургандардын кимиси болсо да Сарт Акеден нускалуу кеп угуп калууга куштар болуп, анын айткан ар бир сөздөрүн көкүрөкө түйүп алууга ынтызар эле дешет.

Дөөлөсдон чыккан Чулум кашканын Тукуму

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанбеков К. Ысык-Көлдүн Жети Акеси. Б., 2007.