Сарыбай

Википедия дан

Сарыбай, Сарыбай дөө — «Манас» эпосундагы каарман, «Сейтектеги» белгилүү терс образ. С. катышкан окуялар Саякбай Карала уулунун вариантында кеңири баяндалат. «Сейтекте» Сарыбайдын образы баатырдык багытталышы эң жогорку бийиктикке чыгарып, чыгарманын бүткүл идеялык-көркөмдүк негизин жыйынтыктайт (К. Асаналиев).

Сарыбайдын портреттик мүнөздөмөсү (алп уйкусу, ага эч кимдин алы жетпестиги, денесине курал өтпөстүгү жана башкалар) образдын нукура мифтик-жомоктук белгилерин айгинелейт. Ал Желмогуздун уулу, жашаган жери да жетээр-жетпес, Жет-кайт деген фантастикалуу чөлкөм. Анын ата-тегинен бери келаткан максаты Манастын тукумун курутуу. Атасы Желмогуз делгени менен эпосто Жезкемпир, жети баштуу желмогуз, ажыдаар өңдүү алгачкы баатырдык эпостордун терс каармандары сыяктуу иш-аракеттери жөнүндө айтылбайт. Болгону Сарыбайдын образына көөнө касиет берип турат. Эпосто анын кебетеси төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Сакалы саадак кабындай,

Эки көзү капырдын

Талаалуу өрттүн жалындай,

Көркөмү кымбат, заары күч,

Көрсөң түрү момундай,

Желмогуздан туулган,

Ааламга салган чуулган.

Ал кезегинде Чубактын Көгала тулпарын тартып алам деп да далай убара салган. Кыскасы кыргыздар менен Сарыбайдын ортосундагы чатактын негизи тереңде. Сарыбайдын өтө коркунучтуу жоо экенин далилдеш үчүн Саякбай Карала уулу аны Семетей, Сейтек, Күлчоро менен беттештирет. Семетей кайыптан жаңы гана бошонуп келсе, Күлчоро жаратынан айыкканы менен кадимки күч-кубатына али жете элек эле, ал эми Сейтек болсо жаш. Мына ушундай шартта Айчүрөк ак куу кейпин кийинип досу баатыр кыз Куялыга кайрылууга аргасыз болот. Сарыбайдын жортуулдап келиши эпосто «эл башына түшө турган калың шор, курчап кала турган темир тор, казылган терең ор» катары баяндалып, аны «чөмөлө чөптөй» сайып түшүргөн Куялынын алптык образы аркылуу ар кандай баскынчылыктан жогору турган элдик асыл идеалдын элеси берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4