Сарыгулова, Бурулкан Турдубек кызы

Википедия дан
Бурулкан Сарыгулова
Ишмердүүлүк тармагы:

акын, журналист

Туулган датасы:

30 -май 1959(1959-05-30) (64 жаш)

Туулган жери:

Барскоон айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Жарандыгы:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Атасы:

Турдубек Сарыгулов

Апасы:

Жибек Бөлөкбаева

Бурулкан Сарыгулова - (англ. Burulkan Sarygulova), акын, журналист,  “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, "Алтын калем" адабий сыйлыгынын лауреаты.


Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурулкан Турдубек кызы (Турдубековна) Сарыгулова 1959-жылы 30-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1966-76-жылдары  Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак орто мектептеринде жалпы билим алган.

1976-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы «Үлгүлүү-Жаш» колхозунда (кийинчерээк «Ак-Терек» совхозу) колхозчу, жумушчу болуп иштеген.

1977-78-жылдары  СССРдин 50 жылдыгы атындагы мамлекеттик университеттин даярдоо бөлүмүндө окуган.

1978-1983-жылдары  ушул эле университеттин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүндө журналисттик адистикке окуп, бүтүргөн.

Студент кезинде «Кыргыз маданияты» гезити, «Кыргызстан аялдары» журналы, Кыргыз радиосу менен штаттан тышкары кызматташып турган.

Тек-жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы - Сарыгулов Турдубек (1929-2007) Кыргызстандын Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Нарын, Ош, Ысык-Көл областтарынын мектептеринде мугалим, завуч, мектеп директору, айылдык кеңештин төрагасы (сельсовет) кызматтарында узак жылдар иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдардында аксакалдар сотунун төрагасы милдетин аркалаган.
Энеси – Бөлөкбаева Жибек (1937-2009) Жети-Өгүз айылынын Тосор айылында туулган. Өмүрүн башталгыч класстын окуучуларына билим берүүгө арнаган. Чоң атасы – Мөөнчү уулу Сарыгул, өрөөндө “жез таңдай” атыккан чечен, “кун чечкен” калыс адам болгон. Элүүнчү жылдардын башында “жер айдаганга пайдаланчу өгүз пара алды” деген жалаа менен Пишпекке айдалып, кийин акталган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки уул, бир кыздын энеси. Күйөөсү Субакожоев Турдубек Мойдунович (1956-2010)

Журналисттик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1983-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы;

1984-1985 - жылдары ЛКЖСнын Нарын шаардык комитетинде инструктор;

1985- 1990 - жылдары Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде котормочу, кабарчы, бөлүм башчы;

1990-1993 - жылдары «Мугалимдер газетасында» кабарчы, бөлүм башчы;

1993-2002 - жылдары “Кутбилим” газетасында бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, “Кутбилим сабак” усулдук тиркеменин редактору болуп иштеген.

1996- 2005 - жылдары «Азаттык» – Эркин Европа / ("Азаттык" үналгысынын) (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Бишкек бюросуна конкурс аркылуу кирип, штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеген.

2005-2010-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинде кабарчы, программалардын редактору;

2010-жылы (апрель-ноябрь) “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу;

2011-2021-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун орун басары - башкы редактору;

2021-жылдан баштап "Азаттык-Медиа" мекемесинин баяндамачысы;

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1979-жылдан бери ырлары, новеллалары "Ала-Тоо", "Кыргызстан аялдары", "Кыргыз маданияты", “Учкун” өңдүү адабий журналдарга, жумалыктарга, альманахтарга басылып келе жатат.
"Сыр сандык" (Сыр сандык. Ырлар. - Б.: Бийиктик, 2009. - 140 б. ISBN 978-9967-13-524-6)
"Жетелешкен жылдар"(Жетелешкен жылдар. Ырлар. - Б. Турар, 2016. - 146 б. ISBN 987-9967-15-534-3) ырлар жыйнактарынын автору.

Редакциялоого катышкан китептер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Үркүн-100: Кылымдар унуткус кыргын: Макалалар, блогдор, маектер, эскерүүлөр / Жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, В.С.Жуматаева, Б.Сарыгулова, З.Бактыбаев. – Бишкек: “Турар” басмасы, 2017. – 408 б. + 48 б., сүрөт. – «Азаттык» үналгысы. – ISBN 978-9967-15-689-0.
  • Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр. Б. Триада Принт. 2018. - 367 б. ISBN 978-99-9115-1-2 (Жооптуу редакторлор В. Жуматаева, Б. Сарыгулова, З. Бактыбаев, Ж. Турдубаев ж.б.)
  • "Эрктүү элдин эгемендиги" (макалалар, маектер, иликтөөлөр) "Турар" басмасы, ISBN 978-9967-35-085-4 - "Азаттык" уналгысы, 2022

Кесиптик көндүм: үйрөнүү-үйрөтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы Журналисттердин эл аралык семинарына катышкан. Куала-Лумпур шаары, Малайзия
2001, 2002, 2004-жылдары Эркин Европа.Азаттык (RFE/RL) радиосунун баш кеңсесинде тренингдерден өткөн. Прага шаары, Чехия
2008-жылы TOL(Transition Online) аймактык медиа уюмунда тренингден өткөн. Прага шаары. Чехия
2014, 2015, 2016-жылдары Бишкектеги Маалымат каражаттарын колдоо борборун угуучуларына практикалык журналистика боюнча тренер.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1989-жылы Жаш акындардын республикалык конкурсунун лауреаты;

1990-жылы Жаш акындардын республикалык конкурсунун “Алыкулдун ак боз ат” сыйлыгынын лауреаты;

1996-жылы - “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси;

2003, 2004, 2005, 2007 - жылдардагы «Парламенттик мыкты кабарчы» сыйлыктарынын ээси;

2007-жыл – Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы;

2008-жылы - “Замандаш” ассоциациясынын “Жылдын мыкты журналисти- 2008: курч калем" сыйлыгынын лауреаты;

2011- жылы Геннадиий Павлюк атындагы “Чынчылдык, эрдик, кесипкөйлүк” (“Честность, мужество, профессионализм”) сыйлыгынын лауреаты;

2012-жылы - “Кыргыз ОБОН: таржымалы жана тагдыры” иликтөөсү үчүн “Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун” сыйлыгынын лауреаты;

2016, 2017-жылдары Акыйкатчы институтунун Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымы үчүн Ардак грамота жана төш белгисинин ээси;

2018-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамы ыйгарылган;

2021-жылы 12-декабрь - "Алтын калем" адабий сыйлыгынын лауреаты;

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]