Сарыгулова Бурулкан Турдубек кызы
| Бурулкан Сарыгулова | |
| Ишмердүүлүк тармагы: |
акын, журналист |
|---|---|
| Туулган датасы: | |
| Туулган жери: |
Барскоон айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан |
| Жарандыгы: | |
| Атасы: |
Турдубек Сарыгулов |
| Апасы: |
Жибек Бөлөкбаева |
| Кол тамгасы |
[[Файл:|150px]] |
Бурулкан Сарыгулова - (англ. Burulkan Sarygulova), акын, журналист, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, "Алтын калем", "Алыкул Осмонов атындагы" адабий сыйлыктардын лауреаты, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун, Евразия жазуучулар бирдигинин, ТүркСОЙ жазуучулар бирдигинин мүчөсү
Өмүр баян
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бурулкан Турдубек кызы (Турдубековна) Сарыгулова 1959-жылы 30-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
1966-76-жылдары Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак орто мектептеринде жалпы билим алган.
1976-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы «Үлгүлүү-Жаш» колхозунда (кийинчерээк «Ак-Терек» совхозу) колхозчу, жумушчу болуп иштеген.
1977-78-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы мамлекеттик университеттин даярдоо бөлүмүндө окуган.
1978-1983-жылдары ушул эле университеттин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүндө журналисттик адистикке окуп, бүтүргөн.
Студент кезинде «Кыргыз маданияты» гезити, «Кыргызстан аялдары» журналы, Кыргыз радиосу менен штаттан тышкары кызматташып турган.
Тек-жайы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атасы - Сарыгулов Турдубек (1929-2007) Кыргызстандын Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Нарын, Ош, Ысык-Көл областтарынын мектептеринде мугалим, завуч, мектеп директору, айылдык кеңештин төрагасы (сельсовет) кызматтарында узак жылдар иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдардында аксакалдар сотунун төрагасы милдетин аркалаган.
Энеси – Бөлөкбаева Жибек (1937-2009) Жети-Өгүз айылынын Тосор айылында туулган. Өмүрүн башталгыч класстын окуучуларына билим берүүгө арнаган.
Чоң атасы – Мөөнчү уулу Сарыгул, өрөөндө “жез таңдай” атыккан чечен, “кун чечкен” калыс адам болгон. Элүүнчү жылдардын башында “жер айдаганга пайдаланчу өгүз пара алды” деген жалаа менен Пишпекке айдалып, кийин акталган.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эки уул, бир кыздын энеси. Күйөөсү Субакожоев Турдубек Мойдунович (1956-2010)
Журналисттик ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1983-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы;
1984-1985 - жылдары ЛКЖСнын Нарын шаардык комитетинде инструктор;
1985- 1990 - жылдары Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде котормочу, кабарчы, бөлүм башчы;
1990-1993 - жылдары «Мугалимдер газетасында» кабарчы, бөлүм башчы;
1993-2002 - жылдары “Кутбилим” газетасында бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, “Кутбилим сабак” усулдук тиркеменин редактору болуп иштеген.
1996- 2005 - жылдары «Азаттык» – Эркин Европа / ("Азаттык" үналгысынын) (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Бишкек бюросуна конкурс аркылуу кирип, штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеген.
2005-2010-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинде кабарчы, программалардын редактору;
2010-жылы (апрель-ноябрь) “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу;
2011-2021-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун орун басары - башкы редактору;
2021-жылдан баштап "Азаттык-Медиа" мекемесинин баяндамачысы;
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1979-жылдан бери ырлары, новеллалары "Ала-Тоо", "Кыргызстан аялдары", "Кыргыз маданияты", “Учкун” өңдүү адабий журналдарга, жумалыктарга, альманахтарга басылып келе жатат.
Чыккан китептери:
"Сыр сандык" (Сыр сандык. Ырлар. - Б.: Бийиктик, 2009. - 140 б. ISBN 978-9967-13-524-6)
"Жетелешкен жылдар"(Жетелешкен жылдар. Ырлар. - Б. Турар, 2016. - 146 б. ISBN 978-9967-15-534-3
"Yoldaki düşünceler" (Жолдогу ойлор) ырлар жыйнагы ТүркСОЙдун колдоосу менен Анкара шаарында BENGU басмаканасында 1923-жылы басылып чыкты.
"Мендеги мезгил" (ырлар, поэмалар, котормолор), - Б.: "Турар" басмасы, 2024, 224 бет, ISBN 978-9967-35-284-1[1]
"Уютку кеп" (маектер), - Б.: "Турар" басмасы, 2024, 424бет, ISBN 978-9967-35-282-7
Редакциялоого катышкан китептер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Үркүн-100: Кылымдар унуткус кыргын: Макалалар, блогдор, маектер, эскерүүлөр / Жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, В.С.Жуматаева, Б.Сарыгулова, З.Бактыбаев. – Бишкек: “Турар” басмасы, 2017. – 408 б. + 48 б., сүрөт. – «Азаттык» үналгысы. – ISBN 978-9967-15-689-0.
- Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр. Б. Триада Принт. 2018. - 367 б. ISBN 978-99-9115-1-2 (Жооптуу редакторлор В. Жуматаева, Б. Сарыгулова, З. Бактыбаев, Ж. Турдубаев ж.б.)
- Бүбүкан Досалиева "Энелер жөнүндө баллада" Эскерүүлөр. Редактору Бурулкан Сарыгулова, "Улуу тоолор" басылмасы, Бишкек-2021. ISBN 978-9967-2-263-97
- "Эрктүү элдин эгемендиги" (макалалар, маектер, иликтөөлөр) "Турар" басмасы, ISBN 978-9967-35-085-4 - "Азаттык" уналгысы, 2022
Кесиптик көндүм: үйрөнүү-үйрөтүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1995-жылы Журналисттердин эл аралык семинарына катышкан. Куала-Лумпур шаары, Малайзия
2001, 2002, 2004-жылдары Эркин Европа.Азаттык (RFE/RL) радиосунун баш кеңсесинде тренингдерден өткөн. Прага шаары, Чехия
2008-жылы TOL(Transition Online) аймактык медиа уюмунда тренингден өткөн. Прага шаары. Чехия
2014, 2015, 2016-жылдары Бишкектеги Маалымат каражаттарын колдоо борборун угуучуларына практикалык журналистика боюнча тренер.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1989-жылы Жаш акындардын республикалык конкурсунун лауреаты;
1990-жылы - Жаш акындардын республикалык “Алыкулдун ак боз ат” фестивалынын лауреаты;
1996-жылы - “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси;
2003, 2004, 2005, 2007 - жылдардагы «Парламенттик мыкты кабарчы» сыйлыктарынын ээси;
2007-жыл – Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы;
2008-жылы - “Замандаш” ассоциациясынын “Жылдын мыкты журналисти- 2008: курч калем" сыйлыгынын лауреаты;
2011- жылы Геннадиий Павлюк атындагы “Чынчылдык, эрдик, кесипкөйлүк” (“Честность, мужество, профессионализм”) сыйлыгынын лауреаты;
2012-жылы - “Кыргыз ОБОН: таржымалы жана тагдыры” иликтөөсү үчүн “Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун” сыйлыгынын лауреаты;
2016, 2017-жылдары Акыйкатчы институтунун Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымы үчүн Ардак грамота жана төш белгисинин ээси;
2018-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамы ыйгарылган;
2021-жылы 12-декабрь - "Алтын калем" адабий сыйлыгынын лауреаты;
2023-жылы 17-июль - ТүркСОЙ уюмунун "Түрк дүйнөсүнүн маданиятына, искусствосуна кошкон салымы үчүн медалы менен сыйланган (сертификат № ТМ-026)
2024-жылы "Мендеги мезгил" китеби үчүн КР улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты болду;
2024-жылы "Мендеги мезгил" китебин КР министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги "Жылдын мыкты китеби" деп таанып, "Жылдын мыкты поэзиясы" сыйлыгын ыйгарды;
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Азаттык" үналгысынын сайтындагы Бурулкан Сарыгулова даярдаган макалалар, баяндар
- https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_culture_media_azattyk_burulkan-sarygulova-60_blog_tch/29968846.html
- http://www.roza.kg/press-center/press-releases/burulkan-sarygulovanyn-zhrktn-shybyry--poeziya-kechesi Archived 2019-05-30 at the Wayback Machine
- https://www.azattyk.org/a/azattyk_bubukan-dosalieva_60th-anniv_blog_ky/29575750.html
- https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_ulanbek_egizbaev_2019/29765430.html
- https://www.azattyk.org/a/azattyk_atambayev_open-letter_by_chorotegin/28393111.html
- ↑ "Турар" басмасы