Сары уйгурлар

Википедия дан

Сары уйгурлар (сарыг югур, сарыг угур) - Кытай Эл Республикасынын Ганьсу аймагында жашаган этнос.

Админстративдик борбору Сунань шаары. Кытайлар «юйгу», ал эми сары уйгурлар өздөрүн «югур» (угур) деп да аташат. Теги түрк тилдүү бул этнос учурда тили айрым өзгөчөлүктөрү жагынан төрт топко бөлүнүшөт. Биринчилери түрк, экинчилери монгол, үчүнчүлөрү кытай, калган бир бөлүгү тибет тилдеринде сүйлөп калышкан. Сары уйгур- лардын учурдагы саны 6 миңге чукул. Түрк тилинде сүйлөгөндөрү «ойлук» (кырг. «өрөөндүк»), «таглык» (кырг. «тоолук») деген топторго бөлүнүшөт. Негизги кесиптери мал чарбачылыгына байланышкан.

Натыйжада, түпкү теги бир тилде сүйлөгөн юйгулар (сары уйгурлар) учурда өз ара кытайча баарлашышат. Сары уйгурлар «Синь-Тан шуда» байыртадан эскерилет. Айрым маалыматтарда алар бүгүнкү жашап жаткан жерлерине 7-8-кк. Борбордук Азия- дан (Монголия, Алтай) жер которуп келишкен. Сары уйгурлар будда динин тутунган юйгулардан (кытайча сүйлөгөн сары уйгурлар) айырмаланып шаман динине көбүрөөк маани бериши такталган. Байыркы тилдин сакталышына шаманизмди тутунушкан сары уйгурлардын ислам дининин жана буддизмдин түздөн-түз таасиринен обочо тургандыгы, экинчиден, теги үч башка тил - кытай, монгол, тибет тилдеринин чөйрөсү да негизги роль ойногон.

С.М.Малов иликтөөлөрүндө сары уйгурлардын тилин кыргыз тилинин тарыхый калыптанышынын баштапкы стадиясы деген пикирге эсептелет. Э.Р.Тенишев илимий изилдөөлөрүндө сары уйгурлардын тилинде байыркы кыргыз тилинин таасиринин күчтүү экендигин далилдеген ынанымдуу пикирин айтат. Автор фуюй кыргыздары менен бирге сары уйгур тилин байыркы кыргыз тилин изилдөөдө негизги курал катары кызмат кыларын билдирет. Токтоло кетчү маселе, изилдөөчүлөр сары уйгурлардын тили байыркы жана бүгүнкү уйгур тилинен обочо турарын белгилешет. С.М.Малов бул этносту кыргыздашкан уйгурлар деген илимий пикирге токтолгон. Ушул эле изилдөөчү фуюй кыргыздары менен сары уйгурлардын тилиндеги мыйзам ченемдүү этногенетикалык жакындыктарына токтолуп өтөт.

С.Е.Малов байыркы жазуу булактарындагы уйгур тили менен сары уйгурлардын тилин салыштырып келип, анын бири экинчисинен өтө кескин айырмаланарын, храмдагы диний ритуалдарды өткөзүүчү тил катары гана пайдаланып келгендигин белгилеп, бүгүнкү шинжаң уйгурларынын тилинен (диалектилеринен) да бир топ обочолонуп турарын далилдейт. Изилдөөчү бул тилди тарыхый бир этаптагы кыргыздашкан тил деген тыянакка келип токтолот. Болжолу, азыркы Гансу аймагына журт которгон уйгурлардын айрым бөлүктөрүн кыргыздар өз курамына сиңиришкен.

Буга сары уйгурлардын тилинин кыргыз тилине өтө жакындыгы да далилдүү мисал боло алат. Ошону менен бирге, сары уйгур жана кыргыздардын тилдик жакындыктары өз алдынча алгылыктуу иликтөөлөргө арзыйт. Кыргыздардын жана сары уйгурлардын уру-улук курамдарындагы этнонимиялык аталыштардын параллелдери эң маанилүү булак болуп кызмат кылары анык.

Бул этностук топтун курамынан кезиккен этнонимдердин басымдуу көпчүлүгүнүн теги Түштүк Сибирь, Саян-Алтай, Монголиянын этностук-маданий чөйрөсү менен байланышкандыгын байкоого болот. Мисалы, сары уйгурлардагы «кыргыс» этнониминин параллелдери хакас, тува, алтайлыктарда, монгол тилдүү элдерде «кыргыс » хыргыс» формаларында айтылып, жазылып келет. Сары уйгурлар 9-к. Уйгур каганатын талкалап, батышты көздөй журт которгон, орто кылымдык айрым уйгур элементтерин өзүнө камтыган байыркы кыргыздардын бир бөлүгү дегенге толук негиз бар. Буга сары уйгурлардын тилинин (лексика) бүгүнкү кыргыз тилине өтө жакындыгы, негиздүү маалыматтардан болгон уруу-урук аталыштарындагы генетикалык жалпылыктар далил боло алат: Мисалы, кыргыз - кырхыс, коңурат - коңрат, анжиянчы (баргы) - анджан, кулунтай (саяк) - кулун, манак (баргы, бугу) - мнак, ондон (бугу) - он, оргу - орге, баят (тейит) - пайат, бай (сарбагыш) - пай,соколок (муңгуш) - сокаллыг, жети урук (саруу) - жети, сулдуз (мундуз) - султуз, темир (баргы, басыз) - темирт, тобок (саяк) - товык (яглахкыр), туманчы (найман) - туман, шарттык (жору) - шартек, отуз уул - оглан (отуз оглан), уранхай (тынымсейит) - орангат ж.б. Сары уйгурлардын тилинде, маданиятында ж. б.

Түштүк Сибирдин элементтери арбын кездешет. Айрыкча, сары уйгур тилинин илимде хакас жана шорлордун тилине жакындыгы аныкталган. Бул мисалдар сары уйгурлардын кыргыздар менен этногенетикалык бир кыртыштагы жалпылыгын аныктаары шексиз экендигин далилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.