Тувалыктар

Википедия дан

Тувалыктар, сойоттор, тыва, сойондор, урянхайлар – Тува Республикасынын негизги калкы (198 миң адам, 1989-ж. эл каттоо боюнча). Алар Моңголияда (25 миңден ашуун), Кытайда (3 миңден ашуун) жашашат. Тувалыктар экиге бөлүнөт: 1. батыш, борбордук жана түштүк тувалар; 2. чыгыш же тоджин тувалары. Түрк тилинин уйгур тобуна кирген тува тилинде сүйлөшөт, лама динин тутунушат. Тува Республикасы Түштүк Сибирдин тоолорунда, Енисейдин жогорку агымында Моңголияга чегаралаш жайгашкан. Тувалардын байыркы ата-бабасынын бир бөлүгү болгон түрк уруулары б.з. 1-кылымынан кеч эмес убакта келишип, жергиликтүү кет, самодий, мүмкүн инди-европа тилдеринде сүйлөгөн уруулар менен аралашкан. Салттуу көчмөн маданиятынын башаты Саян-Алтайды сак уруулары жердеп турган мезгилге (б.з.ч. 8–3-к.) туура келет. Сактардын таасири тувалыктардындын материалдык маданиятынан (үй эмеректери, кийими, кол өнөрчүлүгү) байкалат. Тувалыктардын этногенезине 8-кылымдын орто ченинде Түрк кагандыгын талкалаган уйгурлар да таасир тийгизишкен. 9-кылымдын ортосунда Енисей кыргыздары уйгурларды талкалап, жергиликтүү тувалыктардын этногенезине чоң таасир тийгизишкен. Мисалы, эки элге тең тиешелүү боз үйдүн, сүт азыктарынын (кымыз, айран, май, быштак, курут ж.б.), үйлөнүү тоюндагы айрым ырымдардын окшоштугу.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.