Сасык балтыркан

Википедия дан
Сасык балтыркан.

Сасык балтыркан (лат. Conium maculatum, L. 1753) – өсүмдүктүн чатырдуулар тукумундагы түру. Эки жылдык, бийикт. 200 смге жеткен, сабагы бутактуу, төмөн жагы кызгылт тактуу чөп. Жалбырактарынын уз. 30-60 см, үч ирет тилкелүү. Гүлү майда, ак, эки ирээттүү чатырча топ гүлдү түзөт. Мөмөсү жазы жумуртка сымал самсаалак кутуча. Токойдун ачык жеринде, бийик өскөн шалбаада, кыштоо мал сарайлардын тегерегинде, огороддо, айрым учурда таштандынын тегерегинде өсөт. Европа жана Азияда кеңири таралган. Уу өсүмдүк, мал ууланып өлөт; уламышка караганда философ Сократты ушул чөп менен ууландырып өлтүрүшкөн. Мөмөсүндө уу алколоид өтө көп. Жайытта отоо чөп катары булгайт. Силостун сапатын төмөндөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]