Семетейдин төрөлүшү

Википедия дан

Семетейдин төрөлүшү — «Кичи чабуулда» («Кичи казатта») кириш бөлүмдүн милдетин аткарган окуя.

Кытайларды жеңип, көп олжо менен жер-жерине кайтышкандан кийин Манастын зоболосу дагы да жогору көтөрүлүп, ага каршы чыгып, каяша айтар жан калбай, ич ара чыр-чатактар басылып, эл тынч жатып калат. Манас алтымыш жашка чыгат. Баласыздыгына арман кылып, кыргыздын мыктыларын чогултуп Мекеге барып, кудайдан бала сурап зыярат кылып келмек болуп кеңеш салат. Эл Манасты опурталдуу алыс жолго кыйбай мыктылар кылчакташат. Бакай душманыбыз көп, баатыр Мекеге кетип калса чатак чыгып, эл бузулар — деп ойлоп, Манасты барба дейт. Кыргылчал бузукулук кылып, Манастын Мекеге барышын кубаттайт. Ага Бакай, Төштүк каршы чыгып, кеңешке катышып отургандар да Кыргылдын оюн жактырышпайт. Багыш карыянын акылы боюнча Манастын аялдарын чакырып сурайлы, эгер бирөөнүн боюнда бар болсо Манасты Мекеге жибербейли деген бүтүмгө келишет. Акылай Каныкейдин беш айлык боюнда бар экенин билдирет. Манас Мекеге барбай калат. Каныкей эркек төрөйт, көп эл чакырып, чоң той берилет. Төрөлгөн балага Семетей деп ат коюлат.

«Семетейдин туулганы» Радлов жазып алган вариантта эпостун жетинчи окуясы катары берилген. Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Радлов жазып алган вариантынын мазмунунда окуялардын өнүгүшүндө олуттуу айырмачылыктар бар. Радлов жазып алган вариантта Каныкейдин жети айлык боюнда бар кезде Аккула арып, Манас кан карып өлөт. Каныкей төрөгөндө Акылай баланы өлтүрмөк болот. Бирок, баланы чоң энеси Бакдөөлөт аман алып калат.

Саякбай Каралаевдин вариантында Семетей эл «Чоң казатка» аттанганда балтыр бешик бала экени гана айтылып, төрөлүшү атайын окуя катары берилбейт.

Шапак Рысмендеевдин вариантында Манас «Чоң казаттан» кайтканда Семетей эки жашар бала экени эскерилип, баланын туулушун баяндаган атайын окуя жок. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты боюнча «Манаста» Семетейдинысымы эч жерде учурабайт.Багыш Сазановдун вариантында Семетей жөнүндө «Кичи казатта » эскерилет. Аккулага ок тийип, Манас жөө калганда ага Тайбуурулду жетелетип жөнөткөндө жазган катында Каныкей согушту токтотуп үйгө кайт, Семетейди көр дейт. ТМВда Семетей Манас тирүү кезинде төрөлгөн болот. Өлөрүндө уулу Семетейдин жаш калганын эскерип, аны Бакайга тапшырат, баланын төрөлүшүн баяндаган атайын окуя жок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4