Семетей менен Үмөтөйдүн чатагы

Википедия дан

Семетей менен Үмөтөйдүн чатагы Сары-Арканы жердеген Көкчөнүн уулу Үмөтөй Семетей Манастын кунун кууп келгенин угуп, аны эс алып каны толгуча, төбөсүнөн басууга элин чогултат. Атамды атасы Бээжинге зордоп алып барып өлтүргөн, ошонун өчүн алам дейт. Эл анын айтканын туура көрүшпөй, Семетейден кытайча кирип кантип кун доолайбыз. Манас Көкчөнү өлтүргүлө деп кармап бериптирби? Кабарчы өлгөн, кан өлгөн, кармашкан жандын баары өлгөн. Өнбөс жерден доо доолап өлүп калар бекенбиз? — дешет. Көкчөнүн зайыбы Акеркеч Каныкей менен эже-сиңди экен. Ал Үмөтөйдүн ээликкенин көрүп, карын бөлөңө каршы чыкпай, кайра ынтымакта болсо тышкы жоо батынып, кире алгыс бел болорун айтты. Үмөтөй эл-журтунун, энесинин тилин укпай аттанып чыгат. Кароолчулар жоо келгенин сарайында жаткан Семетейге, Күлчорого кабарлайт. Жамгырчынын уулу Шайымбет Коңурбайдан кун кууп келди деп Күлчорого карындашы Акбаланы берип, эл жыргап жаткан кез эле. Акбаланын койнунда жаткан Күлчоро жоо келди деген кабарды угуп шашып-бушуп жарагын алып: "Бузулуп кетти көргөн түш, бир күнү тыным болбогон, аңдышып душман койбогон, о, ботом ушундай экен биздин иш" — деп, келген жоонун алдына барат. Алардын кимдигин сурап билип" Ак тулпардай сүрөөндөш, ак буудайдай үрөөндөш — бөлөсүң, туугандыкты бузбайлы", — дейт. Үмөтөй жай айткан акылга көнбөй Манас Чөң казатка алып барып өлтүрткөн атам Көкчөнүн кунуна Тайбуурулга алтынзар жүктөп жана "кара көзүң сатуу кыл, мага кан Бакай башын тартуу кыл", — дейт. Күлчоро элдешели деп канча айтса да ала көөдөн Үмөтөй көнбөдү. Опурулган немеге каарым келип окус кылып койсом Каныкей, Семетей нааразы болот, аларга кеңешейин деп Күлчоро кайра кайтты. Каныкей: "Акеркечтин каргышы жаман катуу, кан төгүшпөй элдешкиле", — деди. Семетей: "Сөзгө келсе келсин, келбесе жайлап сал", — дейт. Күлчоро Үмөтөйгө кайра келип элдешели деп асылганына болбой ага кол салып кирди. Күлчоро казактардын сезин алып беш-алтоосун жыга сайды, алар бизде күнөө жок деп кечирим сурашат. Аларга кечирим кылып Үмөтөйдү туткундап Семетейге алып барат. Бакай, Каныкей арачалап калгыча Семетей Үмөтөйдүн башын желдеттерге алдырат. Семетей жакындары менен кеңешип:

Кең Сары-Арка, Ала-Тоо

Этектеш жаткан жер эле.

Казак-кыргыз кайран журт,

Койлору бирге короолош,

Аштары бирге жоролош,

Айылдаш жаткан эл эле.

Айткан сөзгө көнөлү.

Чатакташпай, чырлашпай

Үмөтөй кунун берели (Саякбай Каралаев, Семетей, 2.278), — дешип Тайбуурулга Үмөтөй сөөгүн жүктөп, көп дүйнө тартуу менен казак колун узатат. Күлчоро Тайбуурулдун тартууга кеткенине катуу өкүнөт. Радлов жазып алган вариантта Семетей Көкчөнүн уулу Үмөтөйдүн колуктусу Айчүрөктү аял кылып алгандан кийин жылкыда жүргөн Күлчоро Канчорого: "Мен калмакка барып согумга кой алып келейин, сен жылкыны көздө" деди. Жылкыда калган Канчоро уктап калганда Көкчөнүн уулу Үмөтөй желпилдеген туу менен, жер майышкан кол менен келип, такалуудан тай койбой, тамгалуудан ат койбой тийип кетти. Калмактан кайткан Күлчоро жылкы тийген жоонун артынан барып, карагай найза жапырып, Манастап ураан чакырып, качырып топту жарып кирип, Тайбуурулду коштоп алган кишини ыргыта сайып, чылбырын колунан жулуп алып кайра качып кутулду. Канчорого келип Тайбуурулду Семетейге жеткиргин деп тапшырып, өзү жоону токтотуп туруш үчүн кетти. Канчоро жеткирген Тайбуурулду минген Семетей майдан талаасына келгенде жоо менен жети күн кармашып нечен кыргын кылган Күлчоронун аты Көкчебич чөп чалып, суу жутпаганга чарчап баспай калыптыр, ал атын эс алдырганы кетти, Семетей жоого кирди. Ал эңкейиште эр сайып экини катар бир сайып жоону кубалады. Астындагы Тайбуурулдун боору толо казы, мойну толо жал экен кара тер басып баса албай калды. Үмөтөй качырганда айласы кетти. Күлчоро Көкчебичке чөп чалдырып, суу ичирип тыныктырып алыптыр, аны жайдак минип, найза менен Үмөтөйдү ыргыта сайып колго түшүрдү. Семетей, Канчоро, Күлчоро үчөө бириккенде жоо туруштук бере албай сүрүлдү. Үйгө келишип тынчышкандан кийин Семетей туткундагы Үмөтөйгө Күлчорону жиберди. "Ал таяке мен жээн элем, мен алып келген колуктусун кайра алам десе алсын, жок антпесе атым менен тонум алсын, — деди. Үмөтөй ал алган катынды мен албайм. Аты-тонун берсин, таяке, жээн бололу", — деди. Семетей Тайбуурулду атасы Манастан калган жакасы алтын, жеңи жез, чын бадана торгой көз тонун берди. ТМВ, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Чачыкей Үмөтөйдүн колуктусу болот. Семетей аткан эки аркарды, Үмөтөйдүн жигиттери ала качканда анын айыбы үчүн Семетей Чачыкейди алат. Бирок бул варианттарда Тайбуурулдун тартууга кеткени айтылбайт. Жакшылык Сарыковдун варианты Үмөтөй Семетей менен дос болуп өз колуктусу Чачыкейди алып берип, анын ордуна Тайбуурул, Аколпокту сурайт. Семетей аларды бербей чатак чыгып, Үмөтөй өлгөндөн кийин кунуна берет. Багыш Сазановдун вариантында Семетей биринчи жолу Үмөтөй менен анын колуктусу Чачыкейди талашып чатакташат. (Бул окуя Семетей Букардан Таласка көчүп келердин астында болуп, Тайбуурулдун кунга кетиши менен байланышы жок), экинчи жолу Коңурбайдан кун кууганга катышкан Үмөтөй төрт миң жылкы олжо алып, казатта өлгөн казактардын куну да төлөнгөн жок деп нааразы болуп чыр чыгарып, каза болот. Семетей жакын адамдарынын каршы болгонуна карабай Тайбуурул менен Аколпокту анын кунуна казактарга берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4