Семетей өзүнүн чыныгы ата-тегин алгач угушу.

Википедия дан

Семетей өзүнүн чыныгы ата-тегин алгач угушу. Букардын каны Темиркандын үч инисинин эң кенжеси Сарытаз агалары менен так талашып жеңилип, Күлешендин Гүл-Токоюнда көмүрчү болуп, ай сайын Темирканга сексен төөгө көмүр артып алым берип туруучу. Ошол Сарытаз Семетей Гүл-Токойго келсе ата-тегин айтып, аны менен кыргызга кетип, кордуктан кутулмакчы болуп жүрөт. Темиркан да Сарытаздан чочулап, Семетейди алдап, Гүл-Токойго жибербеске аракет кылат. Адамды чайнап таштоочу азуулуулар, соруп таштоочу ажыдаар, дагы кылыч тумшук пил сыяктуу укмуштуу жаныбарлар бар экенин айтып коркутмак болот. Тулаңдуу жерди тутанткан, өлөңдүү жерди өрттөгөн, кара сууга кан куйган Канкор Манастын уулу бул сөздү укканда коркуп калмак турсун кайра өрөпкүп, Гүл-Токойду Темиркан айткан жырткычтардан тазалаш үчүн ал жерге бармак болду. Жоо жарагын тыңданып, ат аябай жол жүрүп Гүл-Токойго жетип келди. Барса Күлөшендин Гүл-Токой күлүп-ойнор жер экен. Колундагы Акшумкарды салып кумардан чыгат. Бир убакта текөөрү темир, теги жез, канаты алтын эки кез, көнөчөктөй көк бозтекке шумкарын салат, ал аны албай тескери учат. Кыргоол чөп алачыкка корголойт. Аны кубалап барган Семетей башы ылжыраган, маңдайында жалгыз көзү бар тазды көрөт. Ал таз заматта тоодой отун чогултуп, андан алтымыш төөгө жүк болчу көмүр даярдайт. Анын жоругуна таң калган Семетей ага салам айтса, алик албайт. Ачуусу келип аны сөз менен кордойт. Сарытаз да ага жараша жооп берет: — «Көк койгуттун алчысы, Ысмайылдын куш салуучу жалчысы. Калаада элдин акчасы, Темиркандын куш салуучу бакмасы, Көмүр өчүргөн талаада көөлүгүмө жетесиң, көк жал болсоң сен жетим, элиңе качан кетесиң», — деп кайрадан көмүр өчүрүп кирди. Ачуусу келген Семетей аны булдурсун менен куйрукка тартып жиберди. Куйругун жара чаптырып, жаны ачыган Сарытаз мурдагыдан да катуу айтты: — Көчүгүм жара чапкандай жети атаңдын өчү жок. Атаң Манастын өпкөсүн жарып өлтүргөн Коңурбай кытай мен эмес, кыйын болсоң ошондон өчүң ал. Абыке, Көбөш атаңдан калган зор дүйнөнү камчыга ченеп бөлгөндө, энең Каныкей качып келип, сени Ысмайылга асырап берди эле. Таласта кыргыз эл кандай? Кан атаңды тааныбай, Тентип жүргөн сен кандай? Тегин айтып берген Сарытазга абдан ыраазы болгон Семетей анын айтканы чын болсо Таласка барганда кан көтөрүп алам деп убадасын берип Букарга жөнөдү. Темиркан: — Бала Сарытаздан тегин укса бузулуп кайтат. Анын көңүлүн алаксытсын деп жолун жүз сулуу кызга шапар тептирип тостурду. Семетей аларга көңүл бурбастан, Ысмайылдын чынар багынын ортосундагы боз дөбөгө жатып алды. Аны тургузууга Темиркан, Ысмайыл, «чоң энеси» Алтынай, «өз энеси» Күмүшай жалынып келишти. Алардын бирине да көңүл бурбады. Ысмайылдын кызы Кишимжан Семетейди кичинесинде көтөрүп чоңойткон экен. Ал да келип, Семетейди кытыгылап эркелетип тургузайын деди эле, аны жаакка кагып калды. Ыза болгон Кишимжан бөлөк бөлөктүгүн кылат экен деп каргаган бойдон кетти. Ошо шаардын төрөсү Көлөй Семетей менен сырдаш экен, а да келип аны сөзгө келтирмек болду. Семетей ага да козголуп сөз айтпады. Көлөй ала көөдөн, кырс киши эле, ачуусу келип: — «Букарлык барып сенин Таласыңды чаап алып, айыбыңа калган жок. Энеңдин кабыргасын кыйрата чаап жеринен качырган Абыке, Көбөш мен эмес. Кеитесиң таарынып, атаң Манастын өчү жок. Бөрүнүн баласын багып жүргөн Темирканда акыл жок», — деп басып кетти. Кишимжан, Көлөйдөн да жери Талас, атасы Манас экенин угуп, Семетей Сарытаздын айткандары чын экенине ишенди да, энеси Каныкейге жөнөдү. Он эки күндөн бери Семетейди тамак ичпей жатат деп угуп келе жаткан Каныкей астынан чыкты. Семетей элден уккандарын Каныкейге кайталап айтып ушул чынбы? — деди. Аргасы түгөнгөн Каныкей Таластан Букарга эмне үчүн жана кантип качып келгенин айтып берди. Энесинен кеп угуп, элиң кыргыз деп угуп Семетей ата журтуна барууну дегдеп калды. Таенеси Алтынай Темирканга кирип жерине бараткан жээниңе Актулпар менен Бозкелтеңди берегөр деп жалынды. Темиркан балага Актулпарды тартуу кылып: — Жаныңа кошуп кол берейин, анткени кең Талас сага жер эмес, Абыке, Көбөш эл эмес, Жакып сага ата эмес, колсуз барсаң, кокус кылып коет дегенде, Семетей ага: кантип, өз элиме кол курап чапканы барамын, ажалым жетсе өлөмүн, о дүйнө кеткен атама куран окуп келемин деп Таласты көздөй жөнөп калды. Радлов жазган вариант (Радлов жазып алган вариант). Семетей Каракандын баласы болуп чоңойду. Бир күнү той болуп, тойго барган Каракан ашык ойноп жүргөн Семетейди эстен чыгарып койду. Таарынган Семетейге Каракан жорго кунан токуп мингизип, жанына чөйчөктөй көздүү Сарытазды кошуп берди. Жолдо Семетей Сарытаздын колунан чылбырын булкуп алды, тизгинин жулуп алды да, Каракан өзү менен ээрчиткен жок, менин атам эмес экен деп жүрүп кетти. Сарытаз болгон окуяны Караканга айтып келди. Каракан, Солтонкул жана башкалар Семетейди токтотууга аракет кылды, бирок ал моюн бербей Каныкейге келип, атасы Манас экенин жана өз эл-жерине кетерин айтты. Каныкей атасынын ат-тонун Семетейге сурап берип, Таласка барганда Бакайдын тилинен чыкпа деп жолго чыгарды. Семетейдин ата-тегин адеп угушу жана Темиркандын ордосунан аттанып чыгышы башка варианттарда Саякбай Каралаевдин вариантынан өтө айырмачылыкка ээ эмес. Варианттар арасында өзгөчөлүктөр көбүнчө Сарытаздын тегине байланыштуу. Тоголок Молдонун вариантында Сарытаз Темирканга Баймырза калыңга берген кул, Ыбрай Абдыракмановдун вариантында Каныкейди караан тутуп, артынан ээрчий келген Манастын тууганы (Жакшылык Сарыковдун варианты). Манастын чоролорунун бири. Шапак Рысмендеевдин вариантында Сарытаз Көйкаптын бери жагындагы Көрсөткөн деген шаардын Турумкан аттуу кандын жалгыз уулу болот. Атасы өлгөндо бийликти тартып алган увазири аны кубалап чыгат. Ал качып Таласка келип, Бакайга жолугуп, анын кеңеши боюнча Семетейдин артынан Букарга келет. Ал бала жетилгиче көмүр өчүргүчтөрдүн башчысы болуп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4