Сен-Виктор мектеби

Википедия дан

Сен-Виктор мектеби (орус. Сен-Викторская школа) – Сен-Виктор католик монастырындагы августиндик канончулардын диний окууларынын мектеби.

Ал Парижде 1113-жылдан баштап 12-кылымдагы ортодоксалдык – католик философиясынын эл аралык борбору катары пайда болгон. Негиздөөчүсү – ашынган реализмдин өкүлү, Абелярдын каршылашы Шамполук Гиьом болгон (1068–1121). Сен-Виктор мектеби өз ишин, түпкү тамыры Августин жана бир аз түрдө Псевдо-Дионасий Ареопагиттен башталып, Бернар Клервоский тарабынан өркүндөтүлгөн орто кылымдагы мистикалык көз караш, салтка ылайык жүргүзгөн. Ушул салттын негизинде, Сен-Виктор мектебинин айрым өкүлдөрү схоластикалык рационализмге (кунарсыз акылгөйлүк) каршы чыгышкан. Бирок Сен-Виктор мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрү Гуго Сен-Викторский (1096–1141) менен Ришар Сен-Викторский (1173 өл.) орто кылымдагы платонизмге таянуу менен өздөрүнүн мистика жана рационализмин түзмөкчү болушкан (алар, атүгүл «купуя ишенимдердин» да акыл-эстүү ишенимге баш ийдирилген «керектүү (зарыл) логикалык негиздери» жөнүндөгү маселени коюшкан).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]