Сират

Википедия дан

Сират (араб. латын сөзү strata – «жол») – Куранда бул сөз «түз (туура) жол» маанисинде кырктан ашык жолу жолугат.

Шиитимамдары курандагы Сиратты Алиге «берилгендик» катары түшүндүрүшөт: Аллага баруучу жол аны таануу жана жолдоо аркылуу өтөт. Мусулмандардын «тигил дүйнө» (эсхатология) тууралуу көз карашында Сират мусулмандарды сыноочу «кыл көпүрө» (чачтан ичке, кылычтан курч) маанисине ээ. Сунниттерде диндин айтканы менен, шариятты бузбай жүргөн такыба, сопу кишилер «кыл көпүрөдөн» чагылгандай тез өтүп, бейишке чыгат, а күнөөлүүлөр тозок отуна кулап түшүшөт.

Шиит имамдарынын айтуусу боюнча, «кыл көпүрөнүн оң жагында Мухаммад пайгамбар, сол тарабынан Али турат (Алланын «Ар дайым ак жүрбөгөндөрдүн ар бирин тозокко туш кылгыла» деген сөзү экөөнө багыталган). Тозок менен бейишке «бөлүштүрүүчү» Алинин оң өкүмүн алгандар гана бейишке өтө алат. Мусулмандар «Кыл көпүрө» тууралуу көз карашты зороастриялык эсхатологиялык (тиги дүйнө) түшүнүктөрдөн алышы мүмкүн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8