Сот-медициналык экспертиза

Википедия дан

Сот-медициналык экспертизатергөө жана сот процесстеринде пайда болгон медициналык суроолорду чечүүчү врачтык экспертизанын түрү.
Сот-медициналык экспертиза бардык учурда тергөө органдарынын жана соттун сунушу боюнча жүргүзүлөт. Ал өлүмдүн себебин аныктоо, денеге залал келтирүүнүн мүнөзүн, ден соолугун, күнөөлүүнүн же күбөнүн психикалык абалын, анткорлонууну аныктоо үчүн милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Ошондой эле буюмдата далил (кандын тагы, чач, кийим айрыктары жана башкалар) ишке ашырылат.
Аны сот медицинасы боюнча атайын даярдыктан өткөн врачтар — сот-медициналык эксперттер жүргүзөт. Сот-медициналык экспертизада сот-медициналык изилдөөлөр боюнча акт түрүндө же сот-медициналык изилдөөлөрдүн корутундусу боюнча документ толтурулат. Сот-медициналык экспертиза кадрларын врачтардын билимин өркүндөтүүчү институттарда жана медициналык жогорку окуу жайдагы сот-медицина кафедрасы даярдайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8