Социалдык гигиена

Википедия дан

Социалдык гигиена — калктын ден соолугуна ар кандай социалдык фактордун тийгизген таасирин изилдөөчү жана саламаттык сактоону уюштуруу менен тыкыс байланышкан медицина тармагы.
Социалисттик коомдун шартында социалдык гигиена саламаттык сактоону уюштуруу боюнча теориялык база жана илимий негиз болуп эсептелет. Ал өтө кеңири маселелерди камтуу менен биологиялык, медициналык, экономикалык, философиялык, социологиялык саясий суроолордун негизинде коомчулуктун саламаттыгынын калыптанышынын закон ченемин изилдейт.
Ошондой эле оорукчандык менен калктын эмгек жана турмуш-тиричилик шартынын бири бирине байланыштуулугун, түрдүү алдын алуу чараларынын натыйжалуулугун, медициналык жардамды уюштуруу формасын, саламаттык сактоо ишин жана башкалар да үйрөтөт.

Негизги максаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык гигиенанын негизги максаты — коомчулугубуздун саламаттыгын сактоону жакшыртууга багытталат. Ошонун негизинде, өлкөдө социалдык гигиенаны жана саламаттык сактоону изилдөө иштери медициналык илим изилдөө институттардын кафедраларында жүргүзүлөт. Бул илимдин негизги максаты — адамдын ден соолугуна тескери таасир тийгизүүчү факторлорду изилдөө жана бардык мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аларга каршы чараларды колдонуу. Социалдык гигиена медициналык орто жана жогорку окуу жайларында окутулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8