Социалдык кызмат

Википедия дан

Социалдык кызмат (ор. Социальная работа, аңгл. Social work) — колдоо, коргоо, коррекция жана реаблитация аркылуу адамдарга, социалдык топторго алардын кишилик (личносттук) жана социалдык кыйынчылыктарды жеңүүсүнө өбөлгө болууну максат кылган кесиптик ишмердик.

Жалпы жонунан алынганда социалдык кызмат татаал коомдук көрүнүштү, илимий-практикалык билимдин өз-алдынча областын, кесипти жана окуу тартибин түшүндүрөт.

Социалдык кызмат мектептеринин Эларалык ассоциациясы жана Социалдык кызматкерлердин Эларалык федерациясы тарабынан 2001-жылдын 27-июнунда Копенгагенде кабыл алынгандай, социалдык кызматтын аныктамасы боюнча, «социалдык кызматкерлердин кесипчилик ишмердиги коомдук өзгөрүүлөргө, адамдык өз-ара мамиле маселелеринин чечилишине жол ачат; коомдо функционалдык бар-болууга болгон жөндөмдөрдүн бекемделишине жана адамдардын жыргалчылык деңгээлинин жогорулоосу максатында бошонуусуна жөлөк болот. Социалдык кызмат адамдын жана коомдук системдердин жүрүм-турум теориясын колдонуу менен бирге адамдар өз чөйрөсү менен болгон өз-ара аракеттешүүсүнө мүмкүндүк түзүп берет. Адам укугу жана социалдык адилеттүүлүк принциптери социалдык кызматтын пайдубалы болуп саналышат.»

Социалдык кызмат илим катары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир илимдин изилдөө объекти, предмети жана усулу, принциптери, мыйзамченемдиктери, теоретикалык моделдери, түшүнүктүк-категориалдык аппараты жана илим системиндеги өз орду болушу керек. Бул жагынан социалдык кызмат дагы кем калышпайт. Социалдык кызматты илим катары караганда, социалдык аракеттенменин бузулган жагдайларында индивиддин, үйбүлөнүн жана коомчулуктун ички жана тышкы ресурстарын колдонуу жараянын (процессин) башкаруу мыйзамченемдиктери тууралуу илимий билимдин областы катары түшүнсө болот. (Б. В. Куприянов).

Изилдөө объекти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык кызматтын объекти — социалдык мамилелердин системи (коомдун субъекттери, топтору жана катмарлары арасындагы туруктуу байланыштар). Айрымдар болсо, социалдык кызматтын объекти деп адамды эсептешет. Бирок мындайча түшүнүүдө адам өзүнүн социалдык байланыштарынан абстрактуу каралат (коом болсо — бул система). Социалдык кызматтын объекти — бул индивиддер гана эмес, социалдык топтор дагы. Социалдык кызматтын объекти — бул азыркыга чейин эч бир илимдин адистери тарабынан изилденбеген социалдык байланыштардын (социалдык колдоо, социалдык жардам, социалдык реабилитация) тобу.

Изилдөө предмети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык кызматтын предмети болуп социалдык мамилелердин бардыгы эмес, эң көйгөйлүү мамилелердин тобу эсептелет, башкача айтканда дестабилизацияга, социалдык дезорганизацияга (иритки салгандыкка), социалдык кыйындагандыктын өсүүсүнө, социалдык чыр-чатактын пайда болуусуна, адамдардын оор турмуш жагдайларына кабылуусуна алып келген социалдык мамилелер; ошондой эле, бул социалдык мамилелердин оптимизациясы учурундагы (социалдык субъекттин кайра калыптануу жөндөмдөрүнүн калыптаныш жараянындагы) социалдык кызматтын субъекттеринин өз-ара аракеттешүү мыйзамченемдиктери.

Мыйзамченемдиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык кызматтын мыйзамченемдиктеринин биринчи тобу (социалдык кызматтын субъектисинин функциялашуу жана өнүгүү мыйзамченемдери):

  1. Мамлекеттин социалдык саясаты менен социалдык кызматтын мазмунунун коомдогу өз-ара байланышы;
  2. Социалдык өнүгүүнүн максаттарынын жана социалдык кызматтын өнүгүү деңгээлинин ортосундагы өз-ара байланыш;
  3. Социалдык коргоонун натыйжалуулугунун башкаруу жана функциялашуу органдарынын системинин структуралык аякталуулугунан болгон карандылыгы;
  4. Социалдык коргоонун натыйжалуулугунун мамлекекттик башкаруу органдарынын кадрдык курамынын аң-сезиминин жана ишмердигинин социалдык ориентациясынан болгон карандылыгы.

Социалдык кызматтын мыйзамченемдеринин экинчи тобу (социалдык кызматтын субъекттери менен объекттеринин ортосундагы байланыш мыйзамченемдери):

  1. Социалдык кызматкер менен кардардын өз-ара аракеттешүүсүнүн айкын бир натыйжаларына болгон жалпы кызыктарлык (эки субъект тең маселени чечүүдө жигердүү болуусу зарыл);
  2. Социалдык кызмат боюнча адистин ыйгарым укугу менен жоопкерлигинин ылайык келүүсү;
  3. Социалдык кызмат боюнча адистин өсүүсүнүн жалпы деңгээлинин туура келүүсү.

Принциптер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык кызматтын принциптери илимий теориянын логикалык формаларынын маанилүү структуралык элементтери жана эмпирикалык (тажрыйбага негизделүүчү) ишмердиктин негиз салуучу эрежелери болуп саналат.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белек солтонов[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]