Субанбеков Жүрсүн

Википедия дан

Субанбеков Жүрсүн (1930 – Аксуу районуда төрөлгөн, 1974 – Бишкек) – Көрүнүктүү фольклорист жана адабиятчы.

Кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1952-ж. КМУнун филология факультетин бүтүрүп, филология илимдеринин кандидаты, 1974-ж. филология илимдеринин доктору деген наамга ээ болгон. Субанбеков 1955-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин ири фольклорист катары КМУнун кыргыз филология факультетинде эмгектенген.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы эмгеги “Колхоздук тема кыргыз совет адабиятында”, мында негизинен кыргыз акын-жазуучу, драматургдарынын 1945–56-ж. аралыгындагы колхоз темасында жазылган ырлары, пьеса, прозалык чыгармалары талдоого алынган. Субанбеков 1964-ж. “К. Жантөшев” деген адабий очеркин жазат. Очеркте К. Жантөшевдин чакан аңгеме, очерк, повесттери, бир катар драмалары, жалпы эле чыгармачылыгында өнөрканасы (К. Жантөшевдин чыгармалары боюнча сын-пикирлер менен эсептешип, полемикага чыгып) туурасында кеңири сөз болуп, “Курманбек” драмасы, айрыкча “Каныбек” романы ийне-жибине чейин жиктелип, жетишкен ийгиликтери, кетирген мүчүлүштүк-төрү менен бирге абдан калыс, ары билгичтик менен мыкты талданган. Эмгекти окуганда К. Жантөшевдин канчалык деңгээлдеги таланттуу жазуучу, чебер драматург экендиги белгилүү болот. Бул адабий очерк Субанбеков билимдүү, калыс адабиятчы катары таанытуу менен бирге бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготкон жок. Субанбековдун кийинки эмгеги “Кыргыз адабиятындагы атеизм” (1965).

Китептер:

1.      КОЛХОЗДУК   ТЕМА  КЫРГЫЗ СОВЕТ   АДАБИЯТЫНДА ( 1945 – 1956  )

Фрунзе,  “Кыргызмамбас”,    1958 ж.

2.      КЫРГЫЗ  ЭЛИНИН БААТЫРДЫК  КЕНЖЕ   ЭПОСУ.

Фрузе,      “Кыргызмамбас” ,   1963 ж.

3.      КАСЫМАЛЫ ЖАНТОШЕВ.

Фрунзе ,   “Мектеп”,  1964 ж.      

4.      КЫРГЫЗ   АДАБИЯТЫНДАГЫ  АТЕИЗМ.

Фрунзе ,   “Мектеп”,   1965 ж.

5.      КЫРГЫЗ   ЭЛИНИН  БААТЫРДЫК    ЭПОСТОРУ.

Фрунзе,    “Мектеп”,    1970 ж.

                     

Которгон китеби:

1. МОШКОВСКИЙ   А.     “ СЕНИН   АНТАРКТИДАН ”.  Фрунзе ,   1961  ж.                                      


Газета журналдарга чыккан макалалар:

1                Алгачкы  окулдордун  бири .  ( Кыргыз  искусствосу  менен адабиятынынын  Москвадагы  декадасы )   “Советтик Кыргызстан” 1958  ж. ,   1 октябрь.

2                Акын  жана  кыргыз  адабияты.    ( Тоголок  Молдонун  туулган кунунун   100  жылдыгына карата ).     “Мугалимдер газетасы”  1960 ж. ,  7 июнь.

3                Баатырдык  эпостор  жонундо  айрым  пикирлер.    “Мугалимдер газетасы”.       1962 ж.,    3 ноябрь.

4                Балдарга   татыктуу   чыгармалар   керек “.    Мугалимдер газетасы”.      1958 ж.,      12 июнь.

5                Илимдин   жаны   кандидаты.    (Киреше  Иманалиевдин  илимий кандидаты  деген  наам  алышы жонундо).     “Кызыл Кыргыстан”  №1 ,   1954 ж.,    14 январь.

6                Кыргыз   Совет   адабиятынын  тарыхы   ар  тараптан   кенири изилденсин.     (Б. Керимжанова,    Ж. Таштемировдун    “Кыргыз Совет  адабиятынын   

очеркинин  тарыхы”   деген   китебинин кайра   басылышына  карата.     “Ала-Тоо”     № 5,    1961 ж.

7                Кырыз адабиятындагы  атеисттик  идеялар.  “Мугалимдерге          жардам”.    №4.     1956 ж.

8                Кыргыз  адабиятындагы  кай  бир  корком  очерктер  жонундо пикир.  “Мугалимдерге жардам”.    №4,     1957 ж.

9                Кыргыз  Совет  адабиятынын  калыпташуу  учурунун  кээ  бир маселери   “Мугалимдер газетасы”.   1960 ж.   29 июль.

10           Кыргыз   акындары  жана  алардын  чыгармачылык озгочолуктору.  (Кыргыз тили жана мугалимдерине жардам).     “Мугалимдер газетасы”.      1961 ж.,   16

декабрь.

11           Леонид   Соболев    (Орус   адабиятынын  Кыргызстандагы декадасы)     “Советтик Кыргызстан”.,    1962 ж.,   9 сентябрь.

12           Мирза  Турсун-Заде      (Тажик  адабиятынын  декадасы)  “Советтик Кыргызстан”.       1963 ж.,    30  июнь.

13           Токтогул   сыйлыгына   корсотулгон:  колдойбуз,   пикирибиз   бар. (Драматург   Б. Жакиевке)     “Кыргызстан маданияты”.    1968 ж.

14           Олбос –очпос   талант    (Жусуп  Турусбековдун  туулган   кунунун 50  жылдыгына  карата).     1960 ж.,       23 декабрь.

15           Согуштан   кийинки   кыргыз   драматургиясынын   кээ   бир маселелери.     Ученные записки филологического факультета. Выпуск   №7,      Фрунзе,   1961 ж.

16           “Эр-Тоштук”   эпосу,   анын   озгочолуктору   жана  вариантары.    Тезисы   докладов  на   научной   конференции  профессорско-преподовательского  состава.     

Секция   филологических   наук. Фрунзе.        1962 ж.

17           Эр-Тоштук   эпосу   жана   анын   турк  элдеринин   эпикалык чыгармалары   менен   болгон   сюжеттик  окшоштуктары.    Тезисы   докладов  и  сообщений   на  11  Научной  конференции профессорско-преподавательского   состава.             1962 ж.


Окуу китеби:

Абдиев Ш., Жантакова З., Суванбеков Ж.

Кыргыз Совет адабияты.     Орто мектептин 10 классы  учун  хрестоматия.

Фрунзе,    “Мектеп”.   4  жолу  басылып  чыккан.    (1970, 1977, 1981, 1986)


Кенже эпостор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Субанбеков кыргыз фольклористикасында да орду чоң. Буга “Кыргыз элинин баатырдык кенже эпосу” (1963). Китеп чоң-чоң үч бөлүктөн туруп, 1-главада “Эр Төштүк” эпосунун варианттары, алардын айырмачылыктары жана сюжеттик биримдиги кыргыз элиндеги үлгүлөрүнөн тышкары Түштүк Сибирде, казактарда кездешкен, варианттары менен салыштырыла каралат. Эпостун идеясы жана образдар системасы, ошондой эле көркөмдүк өзгөчөлүктөрү ил. теориялык негизде жетик иликтенип, “Эр Төш-түктүн” онго жакын вариантынын ичинен (алардын баатырдык эпос формасына өсүп жеткен төрт варианты кыргыз элинде, калган жомок түрүндөгү варианттары тектеш элдерде) системалуу толук варианты. С. Каралаевдики экендиги далилденген. С. мындан кийинки бараандуу эмгеги “Кыргыз элинин баатырдык эпостору” (1970). Мында кыргыздын “Кожожаш”, “Эр Төштүк”, “Жаныш, Байыш”, “Курманбек”, “Эр Табылды”, “Жаңыл Мырза”, “Эр Солтоной” сыяктуу эпикалык чыгармаларынын варианттары, алардагы баатырдык салт, тематика, мотивдердин берилиши, башка элдердин (айрыкча түрк тилдүү) эпостору менен болгон окшоштук, өзгөчөлүктөрү, жалпы эле алака-катышы ил. теориялык аспекте кең-кесири каралат. Ошондой эле манасчылар менен кенже эпосту айтуучулардын жалпылык, өзгөчөлүк, артыкчылыктары теориялык жактан жетик, аргументтүү, ары калыс мыкты иликтенген. Бул эмгектер сөзсүз кыргыз фольклористикасын эпос таануу жаатындагы жогорку деңгээлдеги көзгө көрүнүктүү иликтөөлөрдүн катарына кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]