Сыдыков, Сагалы

Википедия дан

Сыдыков Сагалы (1932-2010) - кыргыздын таанымал тилчи-окумуштуусу, түркологу, белгилүү монголтаануучусу. Филология илимдеринин доктору. 1955-жылдан тартып Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда эмгектенип келет. Ушул эле илимий мекемеде, адегенде Түркология бөлүмун, андан соң Тил тарыхы жана диалектология бөлүмүн жетектеген.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тил илиминин эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, Кыргызстандагы алтаистика жана түркология илимдеринин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон аалым, профессор, филология илимдеринин доктору Сагалы Сыдыков Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Жакын агасы Түгөлбай Сыдыкбековдун тарбия, таалимин алган, турмушта залкардын таянганы да болгон.

1951-жылы Караколдогу мугалимдер институтун, 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Аспирантурада СССР ИАсынын Азия элдери институтунда (Москва) окуган.

СССР илимдер академиясынын Тил таануу институтунун аспирантурасын атактуу монголист Г.Д.Санжеевдин жетекчилигинде мыкты аяктап, түрк-монгол тилдериндеги окшоштуктарды изилдеген кандидаттык диссертациясын Москвада ийгиликтүү коргогон. Академиктер И.А.Батманов, Б.Ө.Орузбаевалардын жетекчилигинде, кийин өз алдынча ири багыттагы алтаистикалык, түркологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, ондогон макалаларды жана бир нече илимий китептерди жарыялаган. Кыргыз тил илиминде түрк-монгол тилдик байланыштарына, байыркы түрк жазма эстеликтерине жана Жусуп Баласагундун "Кудатгу Билиг" эстелигине арналган фундаменталдуу изилдөөлөрү С.Сыдыковду түрк дүйнөсүнө таанымал кылган. Байыркы кыргыздардын Енисей жазма эстеликтерине арналган доктордук диссертациясы С.Сыдыковду кыргыз коомчулугунда эч качан унуттурбайт. С.Сыдыков изилдеп жана кыргызчага которгон "Кудатгу Билигдин" кол жазмасы автордун көзү тирүүсүндө басылбай калды. Келечекте бул эмгек жарыяланса С.Сыдыковдун илимдеги орду дагы бекемделерине ишенсек болот. С.Сыдыков Енисей жазуу эстеликтерин табууда жана жарыя-лоодо чыныгы окумуштуулугун көрсөтө алган. С.Сыдыков окумуштуулук менен адамгерчиликти бирдей карманган сейрек кыргыз айдыңдарынын бири эле. Эки уулунун, кызынын, неберелеринин нукура нускоочусу, тоо туткан таянычы эле.

Кыргыз-монгол этностук, тилдик алакалары боюнча бир катар эмгектери белгилүү.

Автордун эмгектеринин кыргыздардын байыркы жана орто кылымдар тарыхы, этнографиясы боюнча мааниси зор.

профессор, филология илимдеринин доктору Сагалы Сыдыков 78 жаш курагында 2010-жылдын16-февралында дүйнөдөн кайтты.

Чыгармаларынын тизмеси (кыскача)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Изилдөөчунүн кыргыз тарыхы, этнографиясы, тил илими үчүн зор мааниси бар эмгектери "Орхон-Енисей тексттери" (1982), "Байыркы түрк жазуусу" (2001) жана башка аталыцштар аркылуу белгилүү.

  • Сыдыков Сагалы. Монголо-тюркские языковые параллели. Фрунзе: Илим, 1983.- 158 с.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,2005-жыл.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]