Сырт

Википедия дан

Сырт

1) деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан тегиз же ой-чуңкурлуу аймак. Мис., Ысык-Көлдүн сырты; ал палеозойдо пайда болгон тоолордун узак мезгил ичинде (палеозойдун аягынан олигоцендин аягына чейин) талкалануусунан пайда болгон байыркы тегиздиктердин калдыгы (пенеплен). Тоо жаралуу мезгилинде кенен жантайыңкы бүктөлүш түрүндө көтөрүлгөн. Борбордук жана Ички Теңир-Тоодогу өрөөндөрдүн капталдарында сырттар кайнозойдун тектери, айрым учурда антропогендин мөңгү-таштары менен капталып, эрозия процесстери менен тилмеленген. Сырт рельефи Кыргызстанда Жогорку Нарын, Сары-Жаз, Аксай, Арпа, Кичи Нарын, Орто-Сырт, Үчкөл, Ак-Шыйрак, Үзөңгүкууш ж. б. өрөөндөрдө кеңири сакталган. Сырттардын көп бөлүгү деңиз деңгээлинен 3000 мден өйдө жатат. Рельефине жараша ландшафттары да аркыл: бийик тоолуу тундра, суук чөл, шалбаа, саз, шалбаалуу талаа, кургак талаа, жарым чөл жана чөл ландшафттары учурайт. Сырттын басымдуу бөлүгү негизинен жайлоо, кар аз түшкөн ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат.

2) сырт жак, тоонун ары жагы деген түшүнүк, кийин геогр. терминге айланып кеткен. Адатта, бийик.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2