Сюрприз Үңкүрү

Википедия дан

Сюрприз үңкүрүОш облусунун Ноокат районунун аймагында. Жалгызарча тоосунун батышындагы Данги каньонунда, Аравансай суусунун дээңгелинен 70м бициктикте жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тегинде пайда болгон. 1976-жылы А.Я Жуканин тапкан. Үңкүрдүн жалпы узундугу 500 мдей, бийиктиги 5м. Кальциттин кристаллдары өтө көп, айрымдарынын туурасынан кесилиши 15 смге жетет. Терм сууларынын чөкмө тектерди жемиришинен пайда болгон. Минералог, кристаллограф, спелеологдор үчүн өтө кызыктуу үңкүр.