Таза тукум минги жылкы

Википедия дан

Таза тукум минги жылкы – күлүк жылкы породасы. 17-кылымдын 2-жарымы – 18-кылымдын 1-жарымында Англияда жергиликтүү жылкылар түрк, араб, түркмөн, испан жылкылары менен аргындаштырылып чыгарылган. Азыркы учурда бул порода Европанын бардык өлкөлөрүнө, АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия, Аргентина, Япония, Индия ж. б. өлкөлөргө кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө таза тукум минги жылкы өстүрүлүүчү 14 завод бар. Кыргызстанда бул жылкылардын көпчүлүгү № 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводуна топтолгон. Таза тукум ми-ги жылкы таскагы боюнча дүйнөдө теңдешсиз порода. Таза тукум минги жылкы сөөктүү, тарамыш-булчуңдары жакшы өнүккөн, териси жука, шыйрагы узун жана карылуу, башы кичине, моюну ичке узун, түз, өркөчү бийик, түсү көбүнчө тору жана жээрде. Айгырынын ыйык жалынан бийиктиги 162,8 см (бээсиники 159,6 см), көкүрөк курчамы 186,8 см (бээсиники 184,3 см), бутунун жоондугу 20,1 (бээсиники 19,4 см). Ат спортунда жана башка породаларды жакшыртууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]