Таластык, Чаткалдык, Суусамырлык кыргыздарды Россияга каратуу

Википедия дан

Таластык, чаткалдык, суусамырлык кыргыздарды Россияга каратуу. 1865-жылга карата Чүйдөн Таласка көчө качкан кыргыз манаптары жок кылынган соң, таластык кыргыздарды, ал эми саруу менен кушчу урууларын Россиянын букаралыгына алуу процесси негизинен аяктайт. Аталган аймактарды каратууну падыша аскерлери Кокон хандыгынын чеп-коргондорун ээлеп алуу менен бирдикте ишке ашырган. Абалдын оордугун, душмандын артыкчылыктарын жана аны менен жоолашууга дарманы жетпесин түшүнгөн кыргыз манаптары, бийлери акыры падыша аскерине багынып беришкен. Бирок бугулардын манаптары сыяктуу алар орус букаралыгына ант берип өткөн жок. Буга чейин Түндүк Кыргызстандын чыгышындагы Ысык-Көлдө, Кеминде небак өз таасирин бекемдөөгө үлгүргөн падыша өкмөтү аларды ант бердирүүгө анчейин деле муктаж эмес эле. 1864-ж. Чаткал, Суусамыр, Кетментөбө Россиянын курамына киргизилген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.