Ташмамбетова, Таалайгүл

Википедия дан
Ташманбетова, Таалайгүл
Т.Ташманбетова "Жараланган турналар -2" фильминде
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ташманбетова Таалайгүл
Туулган жылы: 1971-жыл
Туулган жери: Жан-Булак айылы, Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти, педагог
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1993-жылдан баштап
Театр: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры

Ташманбетова, Таалайгүлтеатр жана кино артисти, педагог.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таалайгүл Ташмамбетова Нарын шаарынан орто мектепти аяктагандан кийин 1988-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окуу жайына келип кирет.
Театр окуу жайнын 1-курсун бүтүрүп, Таалайгүл ошол эле жылы Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына өтөт.
1993-жылы Москвадан М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайын аяктап келип, Кыргыз мамлкеттик академиялык драма театрына артисттик кызматка кабыл алынат.
Артисттик менен кошо эле Таалайгүл мугалимдик кесипти кошо алып жүрө баштайт. Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна мугалим болуп орношот.
Таалайгүл 2005-2009-жылдары "Туризм менеджерлиги" адистигин алып чыккан.
Азыркы учурда кыргыз телевидениесинде диктордук мектептин "Сахна кеби" сабагынын мугалими. Ошондой эле "Марал FM" журналисттеринин дагы мугалими. Андан сырткаары Нурзат Токтосунованын алып баруучулук студиясынын мугалими.
Таалайгүл кийин театрдан кетип, биротоло педагогдук кесипке оойт. Ошентсе дагы артисттик кесибинен биротоло кол үзгөн жок. Чыгармачылыгын кино жаатында ийгиликтүү улантты.
Ал биринчи жолу “Сенин тилиң- Манастын тили” кыска метраждуу фильмине ийгийликтүү тартылган соң, “Жараланган турналар -2” фильминде, борбордук ролдордун бирин адистердин жана көрүүчүлөрдүн пикири боюнча жогорку чеберчиликте ойноду.
Таалайгүл Кыргыз-Түрк Манас университетинин консерваториясынын жана Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр колледжинин мугалими.

Театрда ойногон негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кинодогу ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Апасы (“Сенин тилиң-Манастын тили”, реж.Ж. Кулмамбетов)
  • Айгүл (“Жараланган турналар - 2”, реж.Ж. Кулмамбетов)

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]