Телтаев, Касымбай

Википедия дан

Телтаев Касымбай (1886, Ак-Өлөң айлы, азыркы Тоң району—1973, Бишкек ш.) — Түндүк Кыргызстан менен Жети-Сууда Кеңеш бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышкандардан. 1918—23-ж. КПСС мүчөсү.

1918—19-ж. Жети-Суу юстиция бөлүмүнүн коллегия мүчөсү, жооптуу котормочу, 1919—20-ж. Верный уезддик-шаардык революциялык комитетинин президиумунун мүчөсү, бөлүм башчысы.
1920-ж. Нарын уезддик-шаардык революциялык комитетинин катчысы.
1921-ж. Алматы уезддик-шаардык революциялык комитетинин президиумунун мүчөсү, катчысы.
1921—22-ж. Түркстан Компартиясынын Нарын уезддик-шаардык комитетинин жооптуу катчысы болуп туруп, мында биринчи жолу «Кошчу» союзун уюштурган.
1923-ж. Түптө айыл чарба мектебин, жетим балдар мектебин уюштуруп (азыркы Ысык-Көл айыл чарба техникуму), аны 1926-жылга чейин жетектеген. Ал жерде бир нече жетим баланы багып алып, үйүндө асыраган. Анын бири С. Турсуновага өз фамилиясын берген.
Телтаев өтө кайрымдуу адам болуп, ал 1960- жылдарга чейин 20дан ашык жетим балдарды багып өстүргөн.
1926—27-ж. Каракол — Нарын округдук аткаруу комитетинде жооптуу котормочу.
1927— 57-ж. — чарбалык иштерде иштеген. 1957-жылдан пенсияда болгон.
Телтаев 1923-ж. «Алаш-Ордонун» активдүү мүчөсү деген жалаа менен компартиянын катарынан чыгарылган, 1933-ж. түрмөгө кесилип, 1936-ж. бошонгон. Ал 1958-ж. акталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.