Тоолордун пайда болушу орогенез

Википедия дан

Тоолордун пайда болушу орогенез - тик багыттагы тектоникалык күчтүү кыймылдын натыйжасында жер кыртышынын (литосферанын) өйдө көтөрүлүшү.

Көтөрүлүп келе жаткан жерлердеги тоо тектер экзогендик процесстердин таасиринен дайыма талкаланып, шиленип тургандыктан тектоникалык котөрүлүүнүн ылдамдыгы талкалануудан жогору болгондо гана тоо пайда болот. Көп учурда тоолор тектоникалык циклдин аягында геосинклиналдуу аймактын ордунда пайда болот. Мисалы, Альп, Карпат, Кавказ, түштүк Памир ж. б. тоолор. Кийинчерээк алар талкаланып, платформаларга өтөт. Бирок платформадан кийин пайда болгон тоолор көп кездешет. Мисалы, Тянь-Шань, Алтай, Аскалуу тоолору ж. б. Кийинки тектоникалык гипотезаларга Караганда тоолор литосфера плиталары бири бирине утурлай жылып тирелишкен жерде, ал эми океан түбүндөгү ортоңку океан тоолору тескерисинче, плиталар бири биринен алыстап кеткен жерде мантия тектери кысыл турган күчтөрдөн бошонуп, кеңейип, көөп чыккандыктан пайда болору божомолдонот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.