Тоо өткөөлү

Википедия дан

Тоо өткөөлү - кырка тоону же жанаша жаткан эки тоону бөлүп өткөн кууш, терең Өрөөн, капчыгай.

Жазылыгы жүздөгөн мден бир нече кмге чейин болот. Транспорттук же стратегиялык мааниси да болот. Тоо өткөөлдөрүнө, мис., Ысар-Алай тоолорундагы Темирлан Дарбазасы, Тавр тоолорундагы Киликия Дарбазасы, Кыргызстандагы Ат-Башы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү менен Нарын кырка тоосунун кошулган жериндеги кууш жана кооз - Босого капчыгайы. Тектон. жол менен пайда болот (грабен же тоонун антиклиналдык огунун жерге чөккөн бөлүгү).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2