Топу бекитмей

Википедия дан

Топу бекитмей- кыргыздын байыркы оюндарынын бири. Оюн тегиз жерде, мектептин спорт залында ойнолот. Оюнга 5 жаштан жогорку 15-30 оюнчу жашына жараша топтолушуп катышат. Оюнга түйүлгөн жагоо же ушул сыяктуу буюм пайдаланылат. Ал топу деп аталат. Калыс оюнчуларды тегерете тургузуп, өзү каалаган оюнчуну оюнчуларга далысын салып тургузат. Тике катар турушкан оюнчулардын бирине топуну берет. Топу алган оюнчу топуну өзү каалаган жерине: жеңине чөнтөгүнө ж.б. катат. Андан кийин калыс тескери карап турган оюнчуну оң каратып, жашырган топуну табууну сунуш кылат. Эгер ал топуну тапса топу бекиткен оюнчу, таба албаса ошол издеген оюнчу өзү оюнчуларга ырдап, бийлеп же жомок, аңгеме,куудул сөз, дастандардан, <<Манастан>> үзүндү айтып берүүгө тийиш. Ушул аталган тапшырмалардын бирин да аткара албаса калыс табакка туз, кебек алып келип ага тосот, ал болсо табакты жыттап, уйча мөөрөгө тийиш. Андан кийин оюн кайрадан улантылат.


Пайдаланылган адабият:

Токторбаев Саты Өспүрүмдөр өюндары.