Тосток көз (экзофтальм)

Википедия дан
Тосток көз

Тосток көз (экзофтальм)— көз алмасынын көз чарасынан алдыга тостоюп чыгып турган көз.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тосток көздүн пайда болушуна организмдеги жалпы оорулар (диффузиялык ууландыруучу богок, лейкемия жана башкалар), мээ шишиктери, мээ кан тамырларынын кеңейиши, травма, мурун көңдөйүнүн жана анын кошумчаларынын оорулары, көз чарасынын шишиги, сезгенүүсү, сыныгы, флегмонасы, панофтальмит, офтальмоплегия жана башкалар себеп болот. Тосток көз күчөгөндө көз алмасынын кыймылы азайып, көрүү начарлайт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тосток көздө аны чакырган негизги ооруну дарылоо керек. Айрым учурда хирургиялык ыкма колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8