Трагедиялуулук

Википедия дан

Трагедиялуулукфилософиялык -эстетикалык категория. Келишкис каршылаш күчтөрдүн кагылышууларына, алардын күрөшүнүн маңызын ачууга негизделет. Ал күрөш адам ишмердигинин, иш-аракетинин процессинде өсүп-өнүгүп отуруп, адамдын азап чегүүсү, өлүмү менен коштолот. Дүйнөлүк көркөм маданияттын тарыхында Т. ар бир доордун мүнөзүнө жараша ар түрдүүчө түшүндүрүлүп келген. Мисалы, байыркы инди философиясында Т. өлүмдөн кийин кайра жаңырып, кайра айланып жашоонун келиши, өлүм-өмүрдүн айлампасы ("самсара" түшүнүгү) катары чагылдырган. Аристотель Т-тун көрүүчүгө тийгизген таасирин катарсис деп атаган да, трагедиядан адамдын ички дүйнөсү тазаланат деп эсептеген. Античный драмада Т-ка ушул аспектиден мамиле кылышкан. Орто кылымдарда каармандын өлүмү жана ар кандай трагедиясы кудай талаанын бешенеге жазган жазуусу менен байланыштырылган. Кайра Жаралуу доорунда трагедиялык каармандын активдүүлүгү жана эрктүүлүгү алдыңкы планга чыгат. Деги эле дүйнөлүк адабияттын тарыхында трагедиялык мүнөзгө, образга активдүүлүк көбүрөөк мүнөздүү, анын трагедиясы ошол активдүүлүгүнөн, баатырдыгынан, чечкиндүүлүгүнөн келип чыгат.

"Манас" эпосундагы Т. да дүйнөлүк көркөм маданияттын башкы нугунан ажырабайт. Эпостогу Т. эл турмушу менен, жоокерчилик замандын өзгөчөлүгү менен тыгыз байланыштуу жана "кыргыз рухунун туу чокусу" (Ч. Айтматов) болгон "Манас" кыргыз элинин трагедиясынын да туу чокусу. "Манас" эпосунда каармандардын жекече трагедиясы менен эл массасынын трагедиясы биримдикте, эриш-аркак берилет. Т. чыгарманын кан-жанына ажыралгыс болуп сиңип кеткен, дээрлик ар бир каармандын, ар бир бөлүмдүн өзүнүн трагедиясы бар.

Баатырдык эпостун спецификасына ылайык "Манастагы" Т. да тарыхый зарыл талап менен аны иш жүзүндө турмушка ашырууга мүмкүн болбогондуктун ортосундагы" (К. Маркс, Ф. Энгельс. Об искусстве, М., 1976, 1-т., 26-б.) карама-каршылык. Демек, баатырлардын өз элин, мекенин чет элдик баскынчылардан куткаруудагы өлүмү, кыйынчылыктары эпостун трагедиясынын негизги чордонун түзөт. Баатырлардын өлүмү, элдин таланып, тонолушу, душмандын (тышкы же ички) бийликке келиши, адилетсиздиктин өкүм сүрүшү, оң сапаттарды алып жүргөн каармандардын бөтөн эл, бөлөк жерде калышы, аялдардын сүйүктүү жарынан айрылып башка бирөөгө (көбүнчө душманына) баш байланышы сыяктуу жалпы эл-журтка жана жеке инсанга түшкөн кайгылар менен бирге эле баатырды жоктогон тулпарынын, башка жаныбарларынын, кала берсе жаратылыштын терең трагедиясы да берилет. Жирмунскийдин сөзү менен айтканда: "Баатырдык эпосто баатырдын өлүмү типтүү формада реалдуу тарыхый сюжетти жалпылаган эпикалык сюжеттин ажырагыс бөлүгү болушу мүмкүн, патриархалдык-уруучулук мамилелердин шартында баатыр ошол уруулук салттын курмандыгына айланат ("Нибелунгдар тууралуу ырда" Зигфриддин өлтүрүлүшү, Гунтардын курман болушу), же кийинки феодалдык-уруучулук түзүлүштөгү (казак-ногой эпосунда Урак баатырды агасы Исмаилдин өлтүрүшү), элдин өзүн өзү аңдап билүүсү өсүп калган кезде ал мекендин коргоочусу катары кармашта курман болот (француздардын эски эпосторунда Роланд, түштүк славян ырларында Милош Кобилич жана башкалар (Жирмунский В. М. Сравнительное литературоведение, Л., 1979, 216-б.). Булардан айырмаланып мифтерде, жомоктордо, баатырдык көөнө эпостордо формаларында элдик оптимизм, өлбөстүк идеясы күчтүү сакталат. Кыргыз оозеки адабиятында кийинки доорлорду чагылдырган дастандар ("Олжобай менен Кишимжан", "Карагул ботом", "Мырза уул менен Ак Саткын" жана башкалар) каармандардын өлүмү, накта трагедия менен тамам болсо, "Манаста" бул мотив башкачараак чечилген. Элдик көөнө эпостордо аларды жаратуучулар, айтуучулар Т-тун эң жогорку формасы болгон өлүмгө каарманын кыйбайт, бул үчүн кандайдыр бир магиялык күчтөрдү же кайып болууну ойлоп табат, баатырларды же сүйүктүү каармандарын трагедиядан сактап калат. Алардын трагедиясы — күрөш майданынан кетиши, пассивдүүлүккө өтүшү жана башкалар Бирок бул оптимисттик, жомоктук-мифтик трагедия, алар өлбөйт жөн гана кайып болот. Генеалогиялык циклдештирүү принцибинде түзүлгөн эпостун ар бир бөлүмү белгилүү даражада трагедия менен аяктайт.

Алмамбет, Чубак, Сыргак баштаган белгилүү чоролорунан айрылып Таласка келип түшкөндөгү Манастын ат көтөргүс оор кайгысы бул бир гана баатырдын трагедиясы эмес, бүт кыргыз журтунун трагедиясы.

Алтын жаак айбалта

Алкымдан кармап имерип,

Баатыр бөйрөккө таяп жиберип,

Баатырың коңгурап үндү салды эми,

Алмамбет, Чубак ордого

Баатырың өкүрүп жатып калды эми:

Аккула окко учурдум, аяш,

Алтын айдар, чок белбоо, аяш,

Азизкандын гана жалгызы, аяш,

Алмамбет шейит кечирдим, аяш!

Канатымдан кайрылдым, аяш,

Кара кылып отурган

Кан Чубактан айрылдым, аяш!

Мен Бээжинди чаптым, көп алдым, аяш,

Бээлесе жанга табылбас,

Мен Сыргагымды жеп алдым, аяш!

Мен канатым окко жулдурдум, аяш,

Кабыландан айрылып

Мен караңгүн жанды тындырдым, аяш!

Мен канатым гана өрткө чалдырдым, аяш,

Кабыландын баарысын

Мен Каканчынга алдырдым, аяш!

Эгиз козу түгөйүм, аяш,

Экөөнү катар жеп алып

Мен өлбөй гана кантип жүрөмүн, аяш!

Кара гана Бээжин, Каканчын, аяш,

Мен камаганда өлбөдүм, аяш,

Кара кан, шибээ, Ылама, аяш,

Ошону сабаганда өлбөдүм, аяш!

Ач арстан, ары шер

Жардыгында өлбөдүм, аяш,

Алмамбет, Чубак, Сыргак шер

Бардыгында өлбөдүм, аяш! (Саякбай Каралаев, 2. 223).

Манастын ушул ички трагедиясы билдирилип жатканда "кайың ыйлайт, тал ыйлайт, калайык журттун баары ыйлайт", бул жеке эле Манастын трагедиясы эмес, бүткүл элдик трагедия. Эпостогу курман болгон баатырлардын өлүмү жеке трагедиядан бүткүл журттук трагедияга көтөрүлөт. Т. мында тагдырдын жазмышы жана ошол жазмыш-тагдырга каармандын мамилеси, буйрукка протести катары көрсөтүлөт. Демек каармандын өлүмү манасчылар тарабынан ири масштабдагы, жаамы журттун башына түшкөн кара түн катары каралат.

Токсон беште Кошойдун Көзүнүн жашы он талаа: Токсондо Кошой кары өлбөй, Тоодоюм Манас эр өлүп, Бел байлаган бел өлүп, Мындай кудай урарбы Белгилүү Манас шер өлүп. Өзөнгө бойлоп кондумбу, Манасым өрт өчкөндөй болдуңбу?! ...Манасым, кара жаак айбалта Кайкалатпай ким аштайт? Алакандай журтумду, Муну капа кылбай ким баштайт? Долоно саптуу айбалта Толгондурбай ким аштайт? Тозок бир келсе кытайдан Береки толкуп жаткан журтумду Тополоң кылбай ким баштайт?... (Саякбай Каралаев, 2. 246).

Манастын өлүмүнө байланышкан Кошойдун трагедиясы анын жеке трагедиясы эмес, бүт кыргыз элинин трагедиясы. Жоготуунун, айрылуунун азабы экспрессиялуу поэтикалык каражаттар (өлүмдүн контрасттуулугу, армандуу риторикалык суроо жана башкалар) аркылуу берилет. Эпостун трагедиялуу аякталышы негизинен белгилүү бир тарыхый кыйын кезең окуянын, "мамлекеттин кыйрашынын" (Б. Н. Путилов) чагылдырылышы болот.

Трагедиялык кырдаалдар бир топ чыңалган, оор жана татаал болот. Ал коркунучтуу сырткы күчтөр менен кагылышуулардан гана келип чыкпастан, ар бир инсандын ички карама-каршылыктарынан, алардын турмуштук умтулууларынан да келип чыгат" (Поспелов Г. Н. Теория литературы. М., 1978, 201-б.). Алмамбеттин трагедиясы ушул өңүттөн караганда Мекенинен алыс калган ар бир атуулдун типтештирилген кайгысы, анын азабы эли-жерине болгон кусалыкка байланыштуу. Ошондуктан Алмамбеттин образы терең трагедиялык психологизмде ачылат.

Эпостогу Т. эл турмушунун ар тарабын камтыйт. "Ар кандай тарыхый шарттарда, ал эмес коом социалдык-нравалык прогресстин эң бир бийик баскычтарына көтөрүлгөн учурларда да искусство трагедиялуу кырдаалдар менен кагылышуулардан баш тартууга тийиш эмес, — деп жазат Ч. Айтматов. — Эгер көркөм ой трагедияга чейин өсүп жетпесе — ал өтө өкүнүчтүү (Айтматов Ч. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. Фр., 1988, 204-205-б.), "Манаста" эң башкысы көркөм ой чыныгы трагедияга өсүп жетет, өмүрү бүтүндөй трагедия менен коштолгон каармандар, угарманды кадимкидей ыйлаткан кайгылуу эпизоддор бар.

Эпостогу Т. — угармандардын көңүлүн чөгөрбөй, аларды пессимизмге алып барбай, тескерисинче адамдардын рухий сапатын жана ыймандык күчүн көтөргөн, катарсис жараткан, асылдык сапаттардын салтанат курушу үчүн күрөшкө даяр турууга тарбияланган Т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4