Турдубаев, Жолочу

Википедия дан

Турдубаев Жолочу (1935-ж. т., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) — мамлекеттик жана партиялык ишмер.

1975-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн.
Эмгек жолун Лейлек районундагы Исфана айылында мектепте мугалим болуп баштаган; кийинчерээк ошол эле мектепте окуу-тарбия иштер боюнча бөлүм башчы.
1963-жылдан партиялык иштерде иштеген.
1965-жылдан Кыргызстан КПнын Лейлек райкомунун агитация-пропаганда бөлүмүнүн инструктору.
1966—77-ж. Кыргызстан КПнын Ош обкомунун партиялык уюштуруу бөлүмүнүн инструктору.
1977—78-ж. партиянын Токтогул райкомунун 2-катчысы, 1978—82-ж. Лейлек райондук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1982—88-ж. партиянын Ак-Суу райкомунун 1-катчысы.
1988-ж. Кыргызстан КП БКнын партиялык-уюштуруу бөлүмунүн башчысынын 1-орун басары.
1988—91-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы.
1991-жылдын апрель—августунда Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы. Андан кийин 1992—93-ж. Ысык-Көл облустук табият коргоо комитетинин төрагасы, 1993-ж. апрелден Ысык-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы.
1983—1995-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаты.
Эмгек Кызыл Туу ордени, «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.