Турсунали Рустамов
| Жалпы маалымат | ||
| Толук аты-жөнү | Турсунали Хаитмахаматович Рустамов | |
| Төрөлгөн датасы | 31 -январь 1990 (35 жаш) Тажикстан | |
| Жарандыгы | ||
| Бою | 184 см | |
| Салмагы | 76 кг | |
| Позициясы | Жарым коргоочу | |
| Клуб тууралуу маалымат | ||
| Клубу | Дордой | |
| Номуру | 10[1] | |
| Карьерасы | ||
| Клубдук карьерасы* | ||
| ? | 0 (0) | |
| 2009—2010 | ? (6) | |
| 2011—2012 | ? (13) | |
| 2013 | ? (6) | |
| 2014 | ||
| 2014—2016 | ? (2) | |
| 2017—2018 | ? (2) | |
| 2018 | ? (11) | |
| 2019 | 20 (8) | |
| 2020—2021 | 30 (9) | |
| 2021 | ||
| 2022 | ||
| Улуттук курамасы** | ||
| 2010 | 2 (0) | |
| 2012— а.у | 25 (6) | |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 16.07.2022-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 28.04.2022-жылдагы | ||
Турсунали Рустамов (31-январь, 1990) — Кыргызстандык футболчу, " Дордой" клубунун жана Кыргызстан улуттук курамасынын жарым коргоочусу .
Клубдук карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Турсунали Рустамов Ж. Расулов районудагы мектептин жана тажик футболунун тарбиялануучусу, машыктыруучу - Достон Мамиров. Аны Кыргызстанга машыктыруучу Александр Сергеевич Резин чакырган. Алгач биринчи лигадагы " Кара-Балта " командасында ойногон. Бир жыл ойногондон кийин ал бир катар жогорку лига командаларынын көңүлүн бурган.
2009-жылы борбордогу « Шер-Ак-Дан » командасы менен келишим түзүп, анын курамында эки сезон ойногон. Андан кийин башка борбор калаадагы « Алга » жана « Дордой » командаларында ойногон. 2014-жылы Тажикстандын « Худжанд » клубунда 1 сезон ойноп, «Алгага» кайтып келген.
2016-жылы Рустамов Кыргызстандын эки жолку чемпиону " Алай " клубу менен келишим түзгөн.
Улуттук курамадагы карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстанга көчүп келгенден кийин Кыргызстандын жаштар курамасынын машыктыруучуларынан сунуш түшкөн. Рустамов Тажикстандын курама командасынын чакыруусун көптөн бери күтүп жүргөн, бирок келген эмес.
Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын курамында 2010-жылы Азия оюндарына катышып, 2 беттеш өткөргөн. Ал 2012-жылы Шериктештик кубогунда Кыргызстандын жаштар курамасында ойноп, 5 гол киргизип, өз командасынын бомбардири болуп, турнирдин бомбардирлеринин арасында үчүнчү орунду ээлеген.
Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу катары 2012-жылы 1-июнда Казакстан менен болгон беттеште дебют жасаган [2] . 2013-жылдын 6-сентябрында Белоруссия курама командасы менен болгон жолдоштук беттеште (1:3) биринчи голун киргизген [3] .
Азия Кубогунун 2019 катышуучусу. Ал 3 беттеш өткөрүп, анын баарында экинчи таймда алмаштыруу менен чыгып, 1/8 финалда БАЭ курамасына каршы оюнда гол киргизген (2:3) [4] .
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Азат Бейшенбеков. Футбол: Турсунали Рустамов "Дордой" клубуна кайтып келди (кырг.). «Super.kg» (16 -июль (теке) 2022). Текшерилген күнү 17 -июль (теке) 2022.
- ↑ Казахстан 5 : 2 Киргизия
- ↑ Белоруссия 3 : 1 Киргизия
- ↑ UAE VS. KYRGYZSTAN 3 — 2
