Турсунов Эрнис Нурдинович

Википедия дан
Турсунов Эрнис‎»‎ барагынан багытталды)
Турсунов Эрнис Нурдинович
Туулган датасы:

24-август 1935-жылы

Туулган жери:

СССР, Кыргыз ССР, Фрунзе

Өлгөн датасы:

11-июнь 2014-жылы

Өлгөн жери:

Кыргызстан, Бишкек

Ишмердүүлүгү:

акынчылык, котормочулук

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз

Дебют:

1955-жылы

Сыйлыктары:

Кыргызстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994)
Кыргыз Республикасынын эл акыны (2004)

Турсунов Эрнис Нурдинович (24-август 1935-жылы, СССР, Кыргыз ССР, Фрунзе — 11-июнь 2014-жылы, Кыргызстан, Бишкекакын, драматург, котормочу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрнис Турсунов Фрунзе шаарында 1934-жылы 20-июнда туулган.

Жогорку билимди Москва мамлекеттик университинен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган.

Университетти бүтүрүп, Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орунбасары, кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча Башкы редактор, «Кыргызфильм» киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары, Таджикстандын жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, «Мектеп» басмасында улук редактор, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Кыргыз телерадио комитетинде Башкы редактордун орунбасары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

Эрнис Турсуновдун «Айчырайлуу кыздар» («Сулуулар»), «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки күчтүүлөр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлуп, «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагун» деген опералык либретторлоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка, ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.

Э.Турсунов А.С. Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, Н.А.Некрасовдун «Русь жеринде ким жыргайт» дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гогольдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери: Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон.

Э.Турсунов телерадио комитетинде иштеп турганда «Биздин радиотеатр» деген радиоуктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырган.

Ал мусулмандардын ыйык китеби «Куранды» жана христиандардын ыйык китеби «Библияны» биринчилерден болуп кыргызчага которгон.

Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген наамдары берилген.

Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны.

Адабият жана маданият тармагында ыйгарылчу эл аралык Түгөлбай ата коомунун, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреат.

Ошондой эле бир нече Грамота, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Өзүнчө басылмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде
Гүл: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 86 б.

  • Достук сыры: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 138 б.
  • Айкүмүштүн айткандары: Жомоктор. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас 1959. – 110 б.
  • Булбул: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1965. – 90 б.
  • Жигиттер: Лирикалык ыр китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1970.
  • Бийиктик: Лирика. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 121 б.
  • Автопортрет: Лирика. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 122 б.
  • Бадахшан: Балладалар, новеллалар, повесттер. – Ф.: Кыргызстан 1981. – 232 б.
  • Сүйүү: Лирика. – Ф.: Мектеп, 1983. – 100 б.
  • Чексиздик: Лирика. – 1973.
  • Жайкы жамгыр: Ырлар, аңгемелер жана жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1982. – 32 б.
  • Ата-Журт: 2-китептен турган роман. 1-китеп 1 - Ф.: Адабият, 1990. – 345 б.
  • Балбай жана анын доору. – Б.: Кыргызстан, 1992. – 64 б.
  • Таттыбүбү: Поэма. – Б., 1994. – 170 б.
  • Жоомарт Бөкөнбаев: Өмүрү, заманы, замандаштары, чыгармачылыгы. – Б., 2000. – 12 б.
  • Джусуп Абдрахманов: Өмүрү, заманы, замандаштары, чыгармачылыгы. – Б.: Бишкек гуманитар. универс, 2001. – 49 б.
  • Кавалериялык полктун командири Турдубек Усупбеков. Өмүрү, зама-ны, замандаштары, чыгармачылыгы – Б.: Алтын-Тамга, 2000. – 163 б.
  • Алтын муза. – Б.: КиргизИНТИ, 1994. – 174 б.
  • Турдубек Усупбеков: Даректүү баян. – 2001.
  • Балбай замана. – Б.: Шам, 2002. – 400 б.
  • Боронбай: Роман. – 2004.
  • Автопортрет: – Б., Тандамал. – 2004.
  • Ажал айтып келбейт: Повесттер. – 2004.
  • Биздин замандын баатыры: Роман. –2007.
  • Эл душманы: Даректүү көркөм баяндар. – Б., 2010.
  • Күнболот жана анын кесиптештери ким болот?: Даректүү баян. – 2008.

Драмалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Айчырайлуу кыздар (Сулуулар) (4 актылуу комедия), 1958–1961, Ысык-Көл драмтеатры.
  • Олжобай менен Кишимжан. (2 актылуу опера), 1958 – 1967.
  • Жүрөгү күчтүүлөр. (3 актылуу драма). 1959–1962, Нарын драмтеатры.
  • Чындык ийилип, бирок сынбайт. (2 бөлүктүү драма). 1960, Ысык-Көл драмтеатры.
  • Чыгармачылык сахна. (2 бөлүктүү драма). – Б.: Кыргызстан, 1975. – 93 б.
  • Эрки күчтүүлөр. (2 актылуу драма), 1960–1964.
  • Замандаш. (2 бөлүктүү драма). 1975–1980.
  • Генерал балдары. (2 бөлүктүү драма). 1980, Телевидениенин театр-студиясы.
  • Ормон менен Балбай. (2 актылуу опера), 1991.
  • Байтик Баатыр. (2 бөлүктүү драма). 1996, Чүй драмтеатры.
  • Баш мээси менен. (2 бөлүктүү комедия). 1997, Ыссыккөл драмтеатры.
  • Жусуп Баласагун (2 актылуу опера),2002.
  • Жаныбек казы. (2 бөлүктүү драма). 2008.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Пушкин А. С. Евгений Онегин: Роман. – Ф.: Мектеп, 1967. – 352 б.
  • Пушкин А.С. Евгений Онегин, 1967, 1988, 2004.
  • Карло Гоцци. Айымпаша Турандот, 1988.
  • Абдул Баха. Париждеги маектер, 1996.
  • Валентин Афонин. Бир көрүп, биротоло сүйүп, 1999.
  • Пушкин А.С. Евгений Онегин: Ыр түрүндө роман. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 312 б.
  • Вишневский B. Оптимистик трагедия. 1977, Кыргыз академиялык опера жана балет театры.
  • Брехт Бертольд. Сычуадагы ак пейил адам. 1980, Ысык-Көл драмтеатры.
  • Назым Хикмет. Сүйүү жөнүндө легенда. Пьесы. – Б.: Кыргызстан, 1958. – 195 б. (орус тилинен).
  • Уильямс Теннеси. Кыялым – менин азабым. Кирг драм театр, 2000. (орус тилинен).
  • Уальд Оскар. Саломея. 1997. – Монотеатр телевидения. (орус тилинен).
  • Шиллер Ф., Разумовская. Л. Мария Стюарт. Бишкек шаарынын жаштар театры, 1998. (орус тилинен).
  • Шекспир У. Антоний жана Клеопатра. Кыргдрам, 2001. (орус тилинен).
  • Радзинский Э. Сократ менен маек. (1993-ж. Кырмамдрамтеатрга коюу үчүн алынган).
  • Дозорцев В. Акыркы кирген адам. 1990. Кыргыз мамлекеттик драмтеатры. (орус тилинен).
  • Абдул Баха. Париждеги маектер, 1996
  • Брежнев Л.И. Дың жер (китеп боюнча драма). 1983. Кыргыз мамлекеттик драмтеатры. (орус тилинен).
  • Библия (христиан диний китеп). – Ф.: Шам, 1998. – 1555 б.
  • Библия (христиан диний китеп). – Ф.: Шам, 1999. – 991 б.
  • Библия (христиан диний китеп). – Германия, 2000. – 1246 б.
  • Ыйык инжил китеби. (Забур китебин кошуп). – Ганновер: Голос мира, 1999. – 435 с.
  • Куран (мусулман диний китеби). – Б.: Кыргызстан, 1991. – 607 с. (орус ти-линен).
  • Баха Улла. (Бахайлардын сыйынуу китеби) – Б.: Киргиз ИНТИ, 1995. – 1999.
  • Пушкин А.С. Борис Годунов, 2002.
  • Эдуардо Де Филиппо. Цилиндр, 2003.
  • Эдвард Ростан. Сюзанна Де Бержерак, 2004.
  • Н.П.Храпов. Жоголгон өмүрдүн таалайы, 2004.
  • Алыскы Түркстанда (немец миссионеринин жазганы), 2004.
  • Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы, 2004.
  • Альберт Камо. Калигула, 2005.
  • Чыңгыз Абуллаев. Дронго, 2007.
  • Мигел Сервантес. Дон Кихот, 2008.
  • Евгений Сухов. Сталинди өлтүрүү, 2008.
  • Пушкин А.С. Жомоктор, 2008.
  • Корней Чуковский. Дарыгер Айболит, Бармалей, Телефон, Киркойбос, Балит чымын-чыңылдак, 2008.
  • С.В. Михалков. Алп агабыз Степан, 2008.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]