Туруктуу ток машинасы

Википедия дан

Турактуу ток машинасы - электр машинасынын бир түрү.

Ал мех. энергияны туруктуу токтун электр энергиясына (генератор) же тескерисинче (кыймылдаткыч) өзгөртүүчү машина. Туруктуу ток машинасы эки бөлүктөн турат: кыймылсыз бөлүгү статор, ал магнит агымын түзөт. Эгерде анда жайгашкан оромдор аркылуу туруктуу ток өтүп, магнит талаасы пайда болсо, эгерде электр-магниттик машина туруктуу магнит колдонсо, магнит-электрик машина деп аталат. Экинчи бөлүгү подшипникте айлануучу октолгоочко (валга) орнотулган якордон жана коллектордон турат. Якорь цилиндр түрүндө жыйналган электр тех. болот жалпак табакчалардан жана ага орнотулган оромолордон турат. Оромолордун учу коллектордун тилке-тилке болгон жалпак пластиналары кошулуп, щётке аркылуу тышкы электр тизмеги менен байланышат. Туруктуу ток машинасы электрлешкен транспортто, прокат, прокат станында ж. б-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4