Түтүн

Википедия дан
Өсүмдүктөрдүн күйүүсүнөн чыккан түтүн

Түтүнчаң менен газдын аралашмасы; катуу заттардын майда бөлүкчөлөрүнүн (күл, көө) газга, нымдуу абага аралашып атмосферада калкып жүрүүчү аэрозолдун түрү. Отундардын күйүүсүнөн, өндүрүштөгү кээ бир технологиялык жана башкалар процесстерден пайда болот.

Түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түтүндүн химиялык түзүлүшү күйүп жаткан затка, колдонулуп жана иштелип жаткан сырьёго, технологиялык ыкмага жараша болот. Түтүн атмосфералык абада түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, бозоргон туманды түзүп, асмандын (атмосферанын) тунуктугун начарлатып калк жашаган жайлардын жарыктануусун, адамга пайдалуу ультракызгылт-көк нурларды өзүнө жутат.

Таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түтүн менен булганган аба калктын, өзгөчө балдардын жана өнөкөт оорулуулардын ден соолугуна терс таасир этет. Дем алуу жолдорунун катарларын, бронхит, өпкөнүн фиброздук өзгөрүшүн пайда кылат. Түтүндүн составындагы заттар канды өзгөртүп, балдардын дене жагынан өсүүсүн токтотот, айрым компоненттери шишиктерди пайда кылуучу канцерогендик касиетке ээ. Өсүмдүктөр, жапайы жана үй жаныбарлары да зыян тартышат. Түтүндү зыяндуу кошмолордон тазалоодо катуу майда бөлүкчөлөрдү тосуп кармоочу механикалык, электрдик чыпкалардан өткөрүлөт, ошондой эле газдарды атмосферага чыгарарда түрдүү жуткуч заттары бар абсорбер жана скрубберлерде жууп тазаланат. Түтүндү азайтуу үчүн калк жашаган пункттарда, ишканаларда борбордук жылытуу системасы жана газ менен камсыз кылуу ишке ашырылууда.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8