Төөтикен

Википедия дан
Carduus nutans.

Төөтикен (лат. Carduus, L. 1753) – татаал гүлдүүлөр тукумуна кирген өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык тикендүү чөп. Сабагынын уз. 50-100 смге жетет, бутактуу. Жалбырагы тикендүү, сабакка кезектешип жайгашат, жээги тегиз же канаттай тилкелүү. Себетче гүлдөрү ар бир сабактын учуна жалгыздан өсөт. Гүлү эки жыныстуу, түтүкчөдөй. Желекчелери мала, көгүш, кызыл, кээде ак. Гүл ороочтор түрпүчөдөй бир нече катмарлуу, тикенектүү. Мөмөсү данча, агыш, бозомтук үпүлүү. 120 түрү Евразияда , Африкада , Америкада , Австралияда кездешет. Кыргызстанда 3 түрү адырда, аңызда, жол, суу боюнда, мал сарайдын, айдоонун тегерегинде өсөт. Айдоонун, чабынды шалбаанын отоосу катары зыяны бар, бирок балдуу өсүмдүк, гүлүндө ак түстүү нектары көп. Айрым түрлөрүн (ийилген Т.) гүлүнүн ири жана мала кызыл түсүнө карата гүлзарда өстүрсө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]