Уильям Жеймс

Википедия дан
Уильям Жемс.

Уильям Жемс (1842—1910) — эң ири америкалык философ жана психолог, прагматизмди негиздөөчүлөрдүн бири.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөдөгү беш баланын улуусу. Анын иниси Генри Жемс эң көрүнүктүү адабиятчы болгон. Жемс ар түрдүү өлкөлөрдүн мектептеринде — Швейцарияда, Германияда, Францияда, Англияда окуп, космополиттик билим алат, айрыкча табият билимдерине жана живописке кызыгат. 1865-жылы Бразилияга экспедицияга барганда чечек менен ооруп, кийин оорусу кайра-кайра кармап, ден соолугу начарлай берет. Гарвард университетин, медицина факультетин бүтүрөт да, көпкө узабастан анда анатомиядан, физиологиядан, психологиядан, андан кийин философиядан сабак берет. Өзүнүн эпкиндүү ишмердиги менен кеңири белгилүү болгон: лекция окуйт, сабак берет, саякаттайт, эң көрүнүктүү окумуштуулардын жана коллегаларынын кеңири чөйрөсү менен карым-катышта болуп турат. Сүйлөгөн сөздөрүнүн жана жазгандарынын жандуу стили аны кеңири белгилүү кылат. 1899-жылы үйүнүн жанындагы тоого чыгып, жолдон адашып кетет. Бул окуя ага өтө катуу таасир бергендиктен жүрөгүнө доо кетип, кийинки бир нече жылдар бою чындыгында инвалид болуп калат. Бирок, кийин ал өзү таң калгандай, сакайып, Гарвард университетине өз ишине кайтып келет. Акырында жүрөк оорусу кайрадан кармап, 1910-жылы Нью-Хемпширде каза болот.

Жемстин философиялык окуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

тажрыйбаны жана аң-сезимди өзүнүн жеке түшүнүүсүнө негизделип түзүлгөн. Адам, Жемстин пикири боюнча, өзгөрүлүп жаткан шартка активдүү ылайыкташып, өлбөй тирүү болуп, жашоо-турмуш өткөрүүгө умтула турган жан. Жемс үчүн аң-сезим дегенибиз,— тандап алуучулук касиетине ээ болгон активдүүлүк, ал индивидге эмне керек болсо ошону дайыма тандап алууга жөндөмдүү. Аң-сезим индивидуалдык мүнөзгө ээ, башкача айткандатигил же бул индивидге таандык.

Аң-сезим нервдердин козголуусунун натыйжасында түздөн-түз пайда боло турган таасирлердин жана туюу-сезимдердин агымы болуп эсептелет. Тажрыйбанын (опыта) ушул агымынан аң-сезим активдүү тандап алуучулук касиети аркылуу нерселер деп аталган туюмдардын тигил же бул себептер менен бизди кызыктырган айрым топторун бөлүп алат. Мына ушинтип, ар бир адам жеке өзүнө гана таандык болгон өз дүйнөсүн түзөт. Жемс Пирстин жолун жолдоп, ал негиз салган прагматизмди өнүктүрөт. Ал прагматикалык мамилени төмөнкүчө түшүнөт. Эгерде биз кайсы бир теориялык проблемага келип тушуксак, мындай суроо пайда болот: «Эгерде башка пикирди эмес, дал ушул пикирди туура деп таба турган болсок, мунун кимдир бирөө үчүн кандай практикалык айырмасы бар? Эгерде биз эч кандай практикалык айырманы таба албасак, андай учурда эки карама-каршы пикир бир эле нерсе болуп чыгат да, андан ары ар кандай талаш-тартыштын пайдасы жок». Философия үчүн да ал ушундай эле аныктама берет: «Бүткүл философиянын милдети, эгерде дүйнөнүн тигил же бул формуласы туура (акыйкат) деп табыла турган болсо, анда биздин жашоо-турмушубуздун белгилүү бир учурунда мен үчүн жана сиз үчүн кандай белгилүү бир айырма келип чыгарын көрсөтүп берүүдө турууга тийиш».

Жемс баарынан мурда «өзүңдү ааламда өз үйүңдөгүдөй сезүү үчүн» бизди курчап турган дүйнөдө кандайча жакшылап жайланышып алуубуз керек деген маселе жөнүндө ойлойт.

«Прагматизм»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жемстин прагматизми ал өзү түзгөн радикалдык эмпиризм менен тыкыс байланыштуу, бирок ал «Прагматизм» деген эмгегинде бул байланышты танган. Радикалдык эмпиризм дегенибиз таанымга тиешеси бар бардык таанымдык материалдар тажрыйба түшүнүгүнө кирет дегенди билдирет. Тажрыйбанын курамдык бөлүктөрү эмпирикалыктан тышкары колдоого муктаж эмес. «Тажрыйба бир бүтүн нерсе катарында өз алдынча баалуулукка ээ жана эч нерсеге таянбайт». Тажрыйбада камтылып турган чындык үч бөлүктөн турат: Биринчи бөлүк — бул биздин туюмдарыбыздын агымы, булардын булагы белгисиз, булар чын да эмес, жалган да эмес, «алар жөн гана агым». Экинчи бөлүк — бул биздин туюмдарыбыздын ортосундагы өз ара мамилелер. Үчүнчү бөлүк — бул мурдагы акыйкаттардын жыйындысы, муну менен ар бир жаңы изилдөө эсептешүүгө тийиш. Жемс нерселер кандай материалдардан жасалса, ой да ошол эле материалдан жаралат деген жобону айтат.

Алдыдагы айтылган ой жүгүртүүлөрдөн Жемстин акыйкатынын прагматикалык концепциясы келип чыгат. Жемстин пикирине ылайык, идеялар инструменталдык мааниге гана ээ жана бул маани алардын эффективдүүлүгүнө байланыштуу болот. Акыйкат — бул биздин тажрыйбабыздын жүрүшүндө пайдалуу болуп чыккан нерсе. «Ой-акылга ишенүү биздин жашоо-турмушубуз үчүн пайдалуу болгондуктан гана ой-акыл акыйкат болуп саналат»,— деп жазат ал «Прагматизмде». Акыйкат — бул тажрыйбадагы белгилүү бир жумуш баалуулуктарынын бардык түрлөрү үчүн түпнегиз болгон аталыш.

Жемстин эмгектеринде дин маселелери олуттуу орунду ээлейт. Анын ою боюнча дин адамга турмуштук күрөштө ал кошумча күчтү сузуп ала турган булак катарында керек. Адам өзүнүн толук коопсуздукта жашап турганын сезүүгө тийиш, буга дин жардам берет. Кудай дүйнөдөгү гармонияны жана тартип-ырааттуулукту камсыз кылып турат деп жазат ал, Кудай бар жерде кайгы-кырсык убактылуу жана өтө аз болот» [Диний тажрыйбанын көп түрдүүлүгү. М., 1910. 507-6.]. Кудайга ишенүү — бул өзүнчө бир түрдөгү «моралдык дем алыш» деп эсептейт. Жемс, ал адамзат баштан өткөрүп жаткан сансыз кырсыктардан улам азап чекпөөгө жана турмуштун ырахатын көрүүгө мүмкүндүк берет. Жемс Кудай реалдуу түрдө жашап турат деп эсептебейт, диний сезим, диний ой-санаа, диний тажрыйба жашап турат жана бул тажрыйба, убайым-санаа, бул сезим адам турмушунда зор роль ойнойт деп гана айтуу менен чектелет.

Жемстин диний ишеними[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диний ишеним Жемс түзгөн «ишеним эрки» деген концепцияга негизденет. Бул концепциясында ал чексиз эрк эркиндиги жашап турат жана ал ар кандай альтернативадан бирөөнү тандап алууга жөндөмдүү деген өбөлгөгө таянат. Өзүнүн күндөлүк дептеринде ал Ренувьенин чыгармасын окуганда алган таасирдин астында эркин эрктин бар экенине ишенүүгө күч тапканда гана көңүл чөгүүдөн кутулганы жөнүндө жазган. «Эгер биз эркин болсок, аны дилибизде тааныгандык биздин эркиндигибиздин эң алгачкы көрүнүшү болот» [Ишенимдин эркке багыныңкылыгы. СП6., 1904. 167-6.]. Ошентип, эркин эрктин бар экендигине ишенүү эркин эрктин аракетинин натыйжасында пайда болот.

Жемстин «ишеним эрки» концепциясы кандайдыр бир ой-пикирдин акыйкаттыгына ишенүүнүн өзү эле аны акыйкатка айландырууга жөндөмдүү деген маанилүү жобону өзүндө камтып турат. «Фактыга ишенүү фактынын пайда болушуна жардам берет»

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]