Улуу диктатор

Википедия дан
Улуу диктатор
Режиссеру Чарли Чаплин
Продюсер Чарли Чаплин
Жазуучу Чарли Чаплин
Оператору Карл Страсс
Роланд Тотеро
Тартылгандар Чарли Чаплин
Полетт Годдар
Жек Оуки
Музыкасы Чарли Чаплин
Мередит Уиллсон
Редактору Уиллард Нико
Гаролд Райс
Студия Film Corporation
Жайылтуучу United Artists
Чыккан жылы
  • октябрь 15, 1940 (1940-10-15) (Нү-Йорк)
  • март 7, 1941 (1941-03-07) (Лондон)
Узактыгы 124 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $2 млн
Киреше $5 млн[2]

"Улуу диктатор" (англ. The Great Dictator, орус. Великий диктатор) − 1940-жылы Чарли Чаплин тарткан, өндүргөн жана музыкасын жазган америкалык саясий сатиралуу комедия-драма. Салтка айлангандай Чарли Чаплин тасмага өзү тартылган. Үндүү тасмалар чыгып калганда деле үнсүз тасма тартуусун уланткан жалгыз Голливуд режиссеру алгачкы жолу үн коштоо менен тасма жараткан.

Улуу диктатор.

Чаплиндин тасмасы Адольф Гитлер жана Бенито Муссолининин фашисттик, антисемиттик жана улутчулдугун сатиралаган тасма. Тасма жарыкка чыккан мезгилде АКШ улутчул Германия менен расмий тынч алакада болгон. Чаплин катаал баш каармандар фашист диктатор жана куугунтукка алынган жөөт чачтарач экөөнүн тең ролун өзү ойногон.

"Улуу диктатор" абдан популярдуу болуп, Чаплиндин эң көп сатылган тасмасына айланган. Заманбап киносынчылар тарыхый маанилүү жана сатирасы орундуу тасма деп макташкан. Тасма Оскардын "Белгилүү тасма", "Эң мыкты актер", "Эң мыкты сценарий", "Эң мыкты экинчи пландагы актер" (Жэк Оуки) жана "Эң мыкты музыка" сыяктуу 5 сыйлыгына наамы көргөзүлгөн.

Чаплин 1964-жылкы өмүр баян жазуусунда улутчул лагердеги коркунучтуу окуялардын чыныгы жүзүн билген болсо бул тасманы тарта алмак эмес экенин белгилеп кеткен.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The Great Dictator (U). British Board of Film Classification (December 9, 1940). Текшерилген күнү 3 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  2. Jones, Lon. Which Cinema Films Have Earned the Most Money Since 1914?., Melbourne: National Library of Australia (March 4, 1944), стр. 3 Supplement: The Argus Weekend magazine. Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2012.