Усун маданияты

Википедия дан

Усун маданияты. Биздин заманга чейинки 2–кылымдан биздин замандын 5–кылымына чейин усун уруу конфедерациясына кирген элдердин (кара Усундар) маданияты. Усун сак-усун маданияты деп да аталат. Теңир-Тоодо усун маданияты экиге бөлүнөт: Челпектеги топурак жерлердеги көрүстөндөр жана келгин калк менен байланыштуу өлүктөр катакомбаларда коюлган көрүстөндөр. Усун маданиятынын эстеликтери Чүй, Тала өрөөндөрүндө, Теңир-Тоодо жана Ысык-Көлдө табылган.

Бурана көрүстөнүнөн (биздин заманга чейинки 3–1-кылым) 50гө жакын алтын жасалгалар, алтын жалатылган жука кесиндилер, кызыл боёктун калдыктары жана темирден жасалган жаа огунун учтары табылган. Карапа идиштерди жасашкан. Башка жерлерден алып келинген байыркы заманга тиешелүү буюмдар табылган. Челпек эстеликтери да ушул мезгилге тиешелүү.

Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат көрүстөнүндө сөөк менен бирге көмүлүүчү буюмдар – колодон жасалган билерик, алтындан жасалган түстүү таштар менен кооздолгон кемердин тогоосу, тегерек тумар табылган. Көптөгөн белгилери боюнча Талас эстеликтери Чүй өрөөнүндө табылган эстеликтерге окшош келет. Челпек коргонунда адамдардын сөөгүнүн калдыктары менен бирге үй жаныбарларынын сөөктөрү, карапа идиштер, темир буюмдар, жыгач табак, коло күзгү, төөнөгүч, сөөктөн жасалган жаанын учтары жана тегирмендин ташы табылган. Көмүү салты жана карапа идиштери боюнча Челпек коргону Бурана көрүстөнүнө окшош.

Теңир-Тоодогу Айгыр-Жал көрүстөнүндө карапа идиштер, жыгач стол, табак, чөйчөк, үч буттуу темир казан, сөөктөн жасалган жаа огунун учтары жана темир кылыч табылган. Көмүү салты боюнча Айгыр-Жал эстеликтери Кара-Булак тайпасынын маданиятына окшош келет.

Усун маданиятынын эстеликтери Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Жерге коюунун эки түрү кездешип, маркум менен кошо көмүлүүчү буюмдар (темир жана карапа идиштер) аз санда табылган. Усун маданияты Евразия мейкиндигинде көчмөн жана отурукташкан дыйканчылык маданияттарынын өз ара таасири аркылуу өткөн.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]




ky:Усундар