Философиянын жакырчылыгы

Википедия дан

Философиянын жакырчылыгы («Мырза Прудондун «Жакырчылыктын философиясы» деп аталган эмгегине жооп») – капиталисттик коомдун экономикалык негиздерине илимий анализ берген жана диалектикалык-материалисттик көз караштын маанилүү принциптерин чагылдырган К. Маркстын эмгеги. Китепти түзүүгө негиз болуп 1846-жылы Парижде басылып чыккан Прудондун «Экономикалык карама-каршылыктардын системасы же жакырчылыктын философиясы» деп аталган эмгеги эсептелген. Маркстын жообу 1847-жылдын июль айынын башында француз тилинде басылып чыккан. Прудон тарабынан колдонулган демагогиялык фразеологиянын формасындагы майда буржуазиячыл иллюзиялар жумушчу кыймылына кеңири сиңип, аларды революциячыл күрөштөн алыстатып жаткандыгына байланыштуу К. Маркс автордун эмгегине курч сын менен жооп берген. Капиталисттик коомду реформалаштыруунун Прудон сунуш кылган утопиялуу пландарына каршы К. Маркс экономикалык анализге таянуу менен коомду революциянын жолу менен гана өзгөртүү мүмкүн экендигин баса көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]