Философия илимдеринин энциклопедиясы

Википедия дан

Философия илимдеринин энциклопедиясы (1817), Гегельдин идеалисттик философия системасын баяндаган чыгармасы. Ал «Логика», «Жаратылыш философиясы», «Рух философиясы» деген 3 бөлүктөн турат. Бул эмгекте Гегель илимдин бүтүндүүлүгүн философиянын мыйзам, принциптери аркылуу аңдап билүүнү максат кылып койгон. Гегель универсалдуу философиялык билимдердин идеалын кайра жаратууга аракеттенет. «Абсолюттук идея» деген түшүнүктүн гносеологиялык маңызын ачып берет. Абсолюттук дух жөнүндөгү окуу, искусство теориясы, дин жана философияга бөлүнөт. Философия болсо ой жүгүртүүнүн өзүн өзү таанып билүү процессин туюнтуп турат.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8