Фимоз

Википедия дан
Фимоз

Фимоз — эркектин сырткы жыныс органынын териси тубаса же сезгенүүнүн натыйжасында органдын башын жаап калышы.

Тубаса фимоз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тубаса фимоз менен төрөлгөн баланын органынын териси узарып, чоюлчаак келет, сийгенде өтө кичине тешиктен заара сызылып чыгат. Айрым учурда заара ушатарда баланын тынчы кетип, тыбырчылап, ыйынганда органдын баш териси көөп кетет, заара кылып бүткөндө, тери калыбына келип, бир нече жолу заара тамчылаганы байкалат. Эгерде органдын териси ички кабыкчасы менен кошо сезгенсе (Баланнит, Баланопостит) заара ушатканда ачыштырып оорутат, кээде сийдик чыкпай токтоп калат. Фимоз менен узак жапа чеккен балдарда табарсыктын сезгениши, анда таштын пайда болушу жана бөйрөктүн сезгениши (пиелонефрит) байкалат. Фимозду хирургиялык жол менен дарылайт. Сезгенген, узарган, катууланган терини тегерете кесүү түрдүү кабылдоодон сактайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8