Михаил Фрунзе
Михаил Васильевич Фрунзе | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
26-январдан — 31-октябрга чейин, 1925 | ||||
Андан мурунку: | Лев Троцкий | |||
Андан кийинки: | Климент Ворошилов | |||
Туулган жылы: | 21 -январь (2 -февраль) 1885 | |||
Туулган жери: | Пишпек, Жетисуу облусу, Түркстан генерал-губернаторлугу,Орус империясы | |||
Каза болгон жылы: | 31 -октябрь 1925 (40 жаш) | |||
Каза болгон жери: | Москва, РСФСР, СССР | |||
Мүрзөсүнүн орду: | Новодевичье көрүстөнү, Москва, Россия | |||
Туулганда берилген ысымы: | Михаил Васильевич Фрунзеэ | |||
Партиясы: | РКП(б), 1904-жылдан баштап | |||
Аскердик кызматы | ||||
Наамы: | фронттун командири | |||
Автограф: | ||||
Сыйлыктары: | ||||
Фрунзе, Михаил Васильевич (1885-1925) — коомдук жана саясий ишмер, колбашчы, ыңкылапчы. Жарандык согуш учурунда Кызыл Армиянын колбашчысы, аскер теоретиги. 1919-жылга чейин фамилиясы — Фрунзеэ; партиялык псевдонимдери — Михайлов, Трифоныч, Арсений; адабий псевдонимдери — Сергей Петров, А. Шуйский, М. Мирский болгон. Туулган жери — Пишпек (азыркы Бишкек), Түркстан генерал-губернаторлугу, каза болгон жери — Москва.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Революцияга чейинки өмүрү жана ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Улуту – молдаван.
1896-жылы 7 жашында Верныйдагы (Азыркы Алматы) эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган.
1904-жылы Петербургдагы политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп, революциялык иштерге аралашкан. Орусиялык социал-демократиялык жумушчу партиясына кирген. Ошол эле жылдын ноябрь айында революциялык ишмердүүлүгү үчүн агачкы жолу камакка алынган.
Кандуу жекшемби окуясында (9-январь, 1905-жыл) Петербург шаарында манифестацияга катышып, колунан жаракат алган.
Революциядан кийинки ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Октябрь көтөрүлүшүнөн кийин, жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССР Аскер жана деңиз министри болуп дайындалган.
Өлүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1925-жылы ашказан жарасына жасалып жаткан операция учурунда каза тапкан. Расмий корутунду боюнча, канга жаман заттардын жугушу өлүмгө алып келген.[1]