Мазмунга өтүү

Фу-фу

Википедия дан
Фу-фу
тай. ฟูฟู
Түрү:

Ит

Тукуму:

Миниатюралык пудель

Жынысы:

Эркек

Туулган датасы:

1997(1997-00-00)

Туулган жери:

Бангкок, Таиланд

Каза болгон датасы:

0 -февраль 2015(2015-02-00)

Каза болгон жери:

Белгисиз, Таиланд

Өлкө:

 Таиланд

Кожоюну:

Маха Важиралонгкорн

Жумуш түрү:

Аба күчтөрүнүн башкы маршалы

Активдүү жылдары:

1997-2015

Фу-фу (тай. ฟูฟู) — Миниатюралык пудель[1], аба күчтөрүнүн офицери[2][3], ошондой эле Таиланддын мураскер ханзаадасы жана келечектеги падыша Маха Важиралонгкорндун үй жаныбары.

Фу-фу ханзааданын сүйүктүү жаныбары жана падыша кабыл алганда ар дайым коштоп жүргөн ит. Маханын айтымында, анын экинчи кызы Сириваннавари Нариратана болжол менен бир айлык күчүктү 1997-жылы Бангкоктогу Чатучак базарынан бир нече коён, хомяк жана башка иттер менен бирге сатып алган. «Ал абдан сүйкүмдүү, бирок абдан алсыз көрүнгөн» жана кызынын жаштыгынан улам сарай кызматкерлери итти жаныбарлардын баш калкалоочу жайына жайгаштырышкан[4][5]. 2006-жылдын декабрь айында Накхон Патхомдо өткөн үй жаныбарларынын шоусунда коомчулукка көрсөтүлүп, «ал сүрдүүлүктү көрсөтүп, акылдуу трюктарды жасаган»[6].

2001-жылы тартылган Важиралонгкорндун үчүнчү аялы ханайым Срирасминин 30 жаш туулган күнүн майрамдоо учурундагы видеосу, 2007-жылы массалык маалымат каражаттарына тарап кеткен, анда ханайым бир нече сарай кызматчыларынын алдында дээрлик жылаңачтанып, жерде жатып алып Фу-фунун жанында торт жеп жатканы көрсөтүлгөн[7][2]. Бир нече ай өткөндөн кийин, АКШнын элчиси Ральф Бойс мураскер ханзааданын урматына арналган мамлекеттик кечки тамакка чакырылган, кечеден кийин элчи, Фу-фу «Бутарына буткап кийип алып, расмий кечеде формалдуу кийимди кийип жүргөнүн» көргөн[2][8]. Бойс ошондой эле ит, Таиланддын падыша аба күчтөрүнүн башкы маршалы наамына «көтөрүлгөн» - деп билдирген[2]. 2010-жылы АКШнын дипломатиялык каттары ачыкка чыгып, Вашингтондогу элчиликтин телеграммасына ылайык, «кайсы бир [2007-жылдагы иш-чара] учурда экинчи топтун башкы столуна секирип туруп, коноктордун, анын ичинде менин суусундугумду иче баштады. Аба башкы маршалынын кылык-жоруктары 600дөн ашык көрүүчүнүн көңүлүн буруп, ушул күнгө чейин шаарда талкуунун чордону бойдон калууда»[2].

Фу-Фу 2015-жылы 17 жашында каза болгон[9]. Андан кийин төрт күндүк буддисттердин сөөк коюу каада-салттары жана итти кремациялоо менен коштолгон, анын сүрөттөрү Таиландда социалдык тармактарда кеңири тараган[10]. Итти акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө, тайлыктардын комментарийлери, падышанын мураскерине байланыштуу, тынчсыздануулардын кыйыр жана ирониялык чагылышы катары айтыла баштаган. катуу жазаларды камтыган улуу падышаны үй-бүлөсүн маскаралоога каршы мыйзамына байланыштуу Таиландда ачык айтуу мүмкүн эмес болгон[2]. Маха Важиралонгкорн 2016-жылы тактыга отуруп, падыша Рама X титулун алган[11].

  1. The Thai King's Heir Owned a Controversial Poodle Named Air Chief Marshal Foo Foo (13 -октябрь (тогуздун айы) 2016).
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 2.4 2.5 Thai crown prince's poodle, Air Chief Marshal Foo Foo, has been cremated (5 February 2015).
  3. В Таиланде кремировали собаку-маршала (6 -февраль (бирдин айы) 2015).
  4. Poodle entourage? Inside Thai King Maha Vajiralongkorn’s dog obsession (15 -ноябрь (жетинин айы) 2021).
  5. The Week That Was : Playful Palace poodle piques pet-loving Prince. Архивировано из первоисточника 6 -февраль (бирдин айы) 2015. Текшерилген күнү 7 -декабрь (бештин айы) 2024.
  6. Tongdaeng progeny put through paces (16 December 2006). Архивировано из первоисточника 4 -март (жалган куран) 2016. Текшерилген күнү 7 -декабрь (бештин айы) 2024.
  7. Полуголый король Карточные долги, десятки наложниц и роскошные вечеринки: как живет правитель Таиланда. Lenta.ru (23 -август (баш оона) 2020).
  8. Thai politics becomes a dog's dinner (11 -февраль (бирдин айы) 2011).
  9. NatalieO'Neill Thailand’s new king used his poodle to spite his father (англ.) (14 October 2016).
  10. Poodles and crop tops: the king of Thailand in six objects (англ.) (2 December 2020).
  11. Король Таиланда женился на своей телохранительнице и объявил ее королевой (ru) (2 -май (бугу) 2019).