Мазмунга өтүү

Халим (тамак)

Википедия — ачык энциклопедия
Халим
Пайда болгон өлкөсү

Жакынкы Чыгыш

Курамы
Негизги курамы:

Буудай, эт, май, татымалдар

Haleem

Халим — Жакынкы Чыгыштын салттуу тамагы. Тамак Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө кеңири таралган салттуу тамак. Тамактын негизги курамына эт, буудай же болгар калемпири кирет. Ар кайсы аймактарда халимдин даярдоо ыкмасы жана ингредиенттери бир аз айырмаланышы мүмкүн. Халим — өзгөчө учурларда жана диний майрамдарда жеген, кылдат даярдалган жана бай мазмунга ээ тамак.

Негизги курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Тазаланган жана майдаланган буудай
  • Эт (койдун эти)
  • Бир аз май
  • Татымалдар (табитке карап)

Кээде корица жана шекер кошулуп, халимдин даамы жана түсү өзгөртүлөт. Бул кошумчалар анын даамына таттуу жана жыпар жыттуу өңдөрдү берет[1].

Колдонуу учурлары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Халим көбүнчө ислам календары боюнча өзгөчө маанилүү учурларда даярдалат:

  • Мухаррам айында эртең мененки тамак катары
  • Рамазан айында ооз ачуу же саарлык учурунда

Тамакты берүүдөн мурда төмөнкүдөй кошумчалар менен кооздошот:

  • Корица
  • Кунжут
  • Шекер
  • Курут
  • Казы
  1. Халим (каша из пшеницы) (орусча). russianfood.com. Текшерилген күнү 24 Апрель 2025.