Ханафий мазхабы

Википедия дан
Сунний мазхабдардын жайылыш

Ханафий мазхабы (араб. حنفية - ханафия) — сунний исламдагы төрт укуктук мектептин бири. Негиздөөчүсү Абуханифа жана анын окуучулары Мухаммад аш-Шайбани, Абуюсуф жана Зуфар ибни ал-Хузайл болуп эсептелинет.

Жайылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ханафий мазхабы бардык укуктук мектептердин арасынан эң жайылганы болуп саналат. Ханафийлер Орто жана Борбордук Азияда, Казахстанда, Азербайжанда, Түркияда, Сирияда, Мисирде жана башка өлкөлөрдө жашашат. Орусиядагы ханафийлер болуп татарлар, башкырттар, ногойлор[1], карачайлар, черкестер, кабардиндер, абазиндер, кумыктардын бир бөлүгү[2] жана башка элдер эсептелинет.

Өкүлдөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абуханифанын дээрлик бардык мурасы андан оозеки түрүндө окуучуларына өткөн, алар болсо анын мазхабынын жоболорун жазып алышкан жана системалаштырышкан. Абуханифанын мектебинин сакталышы, системалаштырылышы жана жайылышында көрүнүктүү ролду анын эң белгилүү эки окуучусу (сахибайн) — Абуюсуф менен Мухаммад аш-Шайбани ойногон.

  • Абуюсуф (735—795) Куфада кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Ал хадистерди окуп үйрөнүп жүрүп, хадис илиминдеги билинип-турган илимпоз болуп чыгат. Андан кийин тогуз жыл Куфада мадиналык белгилүү бир сахабанын уулу болгон Имам Ибни Абилайладан (765-ж. өлг.) фыкых үйрөнөт. Кийинчерээк Абуханифадан тогуз жылдай сабак алат, а Абуханифа өлгөндөн кийин Мадинага барып, бирнече убакыт Имам Маликтен сабак алат. Абуюсуф кезегинде аббасий халифтери: Ал Мади (775—785), Ал Хади (785—786) жана Харун ар-Рашиддер (786—809) тарабынан башкы мамлекеттик казы болуп дайындалган. Башкы казы болгон соң, ал ар кайсы шаарларга да казыларды дайындаган жана алардын бардыгы (ал аркылуу дайындалгандар) Ханафий Мазхабынын жолдоочулары болушкан. Бул болсо, бул мектептин пикирлерин Мусулман империясынын Араб халифаты боюнча жайылышына жардам болгон факторлордун бири болгон[3].
  • Мухаммад ибни ал-Хасан аш-Шайбани (749—805) Васитте төрөлгөн, бирок Куфада өскөн. Абуюсуфтукундай эле анын алгачкы изилдөөлөрү Хадистерге тиешелүү болгон. Бир канча убакыт Абуханифада окуп, анын өлүмүнөн кийин Абуюсуфтан сабагын уланткан, анан Мадинага жөнөп, ал жактан үч жылдай имам Маликтен сабак алат. Бул учурда ал Маликтин «Эл-Муатта» китеби боюнча хадис айткандардын негизгилеринин бири болуп чыгат. Имам аш-Шафиинин өзү Багдаддан Мухаммад ибни ал-Хасандан көп сабак алгандардын бири болгон. Мухаммад ибни ал-Хасан дагы халиф Харунуррашиддин башкаруу мезгилинде Казы кызматына дайындалууну кабыл алган, көп өтпөй бул кызмат көптөгөн компромисстерди (ымалаларды) талап кылгандыктан мындан баш тарткан, жана Багдаддагы мугалимдик кызматына кайткан.
  • Зуфар ибни ал-Хузайл (732—774) Абуханифанын көрсөтүүлөрүн жолдогондордун бири болгон жана ага жасалган көптөгөн жагымдуу жана кызыктыруучу сунуштарга карабай казы кызматына дайындалууну кабыл алуудан баш тарткан. Ал сабак берүүнү ылайык көрүп, ал менен Басрада өлгөнгө чейин алектенген.

Укуктун булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Укуктук буйруктарды чыгаруунун ханафий усулу төмөнкү булактардан негизделген:

  1. Куран.
  2. Сүннөт (хадистердин кылдат тандалышы менен). Сүннөткө Ислам укугунун экинчи маанилүү булагы катары, бирок анын колдонулушуна тийиштүү айрым эскертүүлөрү менен кайрылышкан. Алардын карманган пикири боюнча, эгер кайсы-бир Хадис укуктук көзкараш жагынан далил катары колдонулса, анда анын тактыгын (ишенимдүүлүгүн) — Сахихтигин — билдирген бир шарты жетишсиз делген, ал кеңири таанымал — Машхур — болушу да керек болгон. Бул шарт жасалма хадистерге каршы кепилдик катары коюлган, анткени, андайлар ал кезде белгилүү Сахабалардын азы гана жайланышкан райондордо жайылып кеткен эле.
  3. Ижма сахаба — Мухаммед пайгамбардын жолдошторунун (сахабалардын) бир ооздуу пикири; табиундардын (сахабалардан кийинки муундун) ырастоолору сахабалардын айткандарына тең эмес, себеби алар Мухаммед пайгамбар менен бетме-бет сүйлөшүп көрбөгөн.
  4. Пайгамбардын сахабаларынын индивидуалдык пикирлери — эгер Сахабалар айкын бир укуктук маселе боюнча ар түрдүү пикирлерде болушса, Ижманын натыйжасында да ал боюнча табылбаса, Абуханифа берилген учур үчүн ылайыктуурак көрүнгөн пикирди тандаган. Муну өзүнүн Мазхабынын маанилүү принциптеринин бири катарында бекитүү менен, Абуханифа өзүнүн пикирлерине караганда Сахабалардыкын салмактуурак деп эсептеген. Ар түрдүү көз караштардын бирин тандоодо болсо, чектелген мааниде өзүнүн ой-пикирлерине кайрылуучу.
  5. Кыяс (Куранда бар болгон нерселердин окшошу боюнча ой жүгүртүү; укуктук маселени ага чейинки чечилгени менен салыштыруу); Абуханифа Сахабалардын окуучуларынын (Табиундардын) так далили жогорку эскерилген булактарда жок болгон тыянактары менен макулдашууга өзүн милдеттүү деп сезбеген. Ал өзүн табиундарга тең деп эсептеген, жана өзү жана окуучулары тарабынан бекитилген Кыяс принциптеринин негизиндеги өзүнүн Ижтихадын калыптандырган.
  6. Истихсан (кыяска туура келбеген, бирок берилген жагдайдагы максатка ылайыктуурак чечимдердин артык бааланганы). Истихсан аталмасы бир далилдин башкасына караганда жогоруу бааланышын түшүндүрөт, эгер биринчиси айкын бир жагдай үчүн ылайыктуурак көрүнсө, эгер бааланган далил ошол баага караганда техникалык алсызыраак болсо дагы. Мүмкүндүү мисалдардын бири — айкын бир маңызы бар кайсы-бир Хадисти жалпы бир маңызы бар башкасына караганда жогору баалоо, же болбосо, алтургай айкын бир жагдайга ылайыктуурак норманы Кыяс усулу менен киргизилгенге караганда жогоруу баалоо.
  7. Үрп (жергиликтүү адат, салт) — Ислам менен эч кандай милдеттүү эрежелер буюрулбаган жерлерде жергиликтүү салттарга маанилүүрөк укуктук салмак берилген. Дал ушул принциптин практикалык колдонулушунун арты менен Ислам дүйнөсүнүн ичиндеги маданияттардын артүрдүүлүктөрүнүн бардыгында жолуккан ар кандай салттар ар кайсы өлкөлөрдүн укуктук системаларына кирген жана каталык менен Исламий деп эсептелинип калган.

Укуктук чечимдердин чыгарылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ханафий мазхабындагы укуктук чечимдердин чыгырылыш усулдарынын бири — мектептин беделдүү адамдарынын бүтүмдөрүнүн так иерархиясы (Абуханифа, Абуюсуф, аш-Шайбани, башкалар). Эгер кандайдыр-бир маселе боюнча кыяс катары дагы, истихсан катары дагы колдонууга мүмкүндүк келсе, көбүнчө артыкчылык истихсанга берилген.

Колдо бар ар кандай буйруктардын бирин тандоо зарылдыгы келип чыкканда, артыкчылык ишенерлигирээгине же көпчүлүктүн пикирине берилет. Алсыз жана шектүү хадистер бөтөнчө учурларда гана далил катарында колдонулат. Негизинде аларга караганда истихсан жогору бааланат.

Абуханифанын шакирттеринин аракеттеринин артынан анын мазхабы мусулман укуктугунун кеңкучактуу мектеби болуп, иш жүзүндө фыкыхтын бардык маселелерин чечүүгө кудурети жеткен. Ханафий мектеби Аббасийлер тарабынан колдоого алынып, мамлекеттин укуктук негизинде кызыгууга алынган.

Абуюсуф халиф Харунуррашид тарабынан Багдаддын башкы казылыгына коюлган жана вилайеттердеги казыларды ал дайындоочу эле, мында ал өзүнүн мазхабынын өкүлдөрүнө артыкчылык берип, анын жайылышына мүмкүндүк берген. Осмон жана Могол империяларында ханафий мазхабы мамлекеттик мартабаны алган. Көпчүлүк азыркы мусулмандар — дал ушул укуктук жөндү жолдоочулар.


Кошумча кар.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Верования ногайцев. Кавказский узел. — ««Ногойлор өзүнүн негизги массасынан — ханафий маанисиндеги мусулман-суннийлер»»  Текшерилген күнү 23 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 4 Апрель 2013.
  2. Мичигишев, Азиз Мусульмане Осетии. Islamdag.ru (31 -август (баш оона) 2010). — ««Бул жердеги кумыктар суннийлер жана көбүнчөсү ханафий мазхабын тутунушат, бирок шафийлери дагы бар»»  Текшерилген күнү 23 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 4 Апрель 2013.
  3. Аль-Инсааф фи баян асбааб аль-ихтилаф
    Басмакана Дар ан-Нафаис
    Беттери 39

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]