Хэйлунцзян
Өлкө | |
---|---|
Статусу | |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Хэйлунцзян (кытайча (жөнөкөйлөштүрүлгөн): 黑龙江; кытай (салттуу): 黑龍江; пиньинь: Hēilóngjiāng) — Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан провинция. "Хэйлунцзян" сөзүнүн баштапкы мааниси "Кара ажыдаар дарыясы"; бул Амур дарыясынын кытайча аты. Хэйлунцзян үчүн бир тамга аббревиатурасы 黑 (Hēi) болуп саналат. Аймактын манжур тилиндеги аты "Сахалиян ула" (манжур алфавити: ᠰᠠᡥᠠᠯᡳᠶᠠᠨ
ᡠᠯᠠ "Кара дарыя" дегенди билдирет), андан "Сахалин" аталышы келип чыккан. Ушундай эле маанидеги монгол тилинде аты Карамөрин.
Хэйлунцзян провинциясы түштүктө Гирин жана батышта Ички Монголия менен чектешет. Анын үстүнө түндүгү менен чыгышында Орусиянын чек арасы бар.
Амур дарыясы Кытай менен Орусиянын чек арасын түзөт. Хэйлунцзянда Кытайдын эң түндүк чекити (б.а. Амур дарыясынын боюндагы Мохэ префектурасы) жана анын эң чыгыш чекити (Амур менен Уссури дарыяларынын кошулуусу) да бар.
Административдик структура
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Хэйлунцзян 12 префектуралык шаар (алардын бири субпровинциалдык шаар) жана 1 провинцияга, бардыгы болуп 13 префектура деңгээлиндеги бөлүмгө бөлүнөт.
Хэйлунцзян провинциясынын административдик бөлүмдөрү | |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|